Кыргызстанда өсүүчү дары өсүмдүктөр

 каз таман Дары өсүмдүктөр — медицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулат. Алардын дарылык касиети составындагы алкалоиддер, гликозиддер, витаминдер жана башка заттардын болушуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында; айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында же кабыгында жана башка органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка убакытта жыйналгандыктан,  дары  өсүмдүктөрдүн  чогултуу мезгили чоң мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жууп кургатылат. Бүчүрү ачылып кете электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катып кете электе сыйрып алган оң. Жалбырактар богок пайда болуу, гүлдөө мезгилинде чогултулуп, чирип кетпес үчүн кургатылат. Даярдалган дары сырьёлору даярдоочу уюмдарга өткөрүлөт. Айрым дары өсмдүктөрдө күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар болорун эстен чыгарбоо керек. Аларды бир аз эле ашыкча кабыл алуу ууланууга же ооруну күчөтүүгө дуушарлантат. Ошондуктан дары өсүмдүктөрүн  врачтын гана көрсөтмөсү боюнча пайдалануу сунуш кылынат.

 1291840626_podorojnБака жалбырак —жер бетинде кеңири таралган көп жылдык  өсүмдүк. Кыргызстандын бардык жерлеринде кездешип, айрыкча арык жээктеринде, жол бойлорунда, тоо этектеринде, жайытта өсөт. Жалбырагы дарылык касиетке ээ. Андан  дары даярдалып, ичеги-карын оорусунда (гастрит, колит жана башка) пайдаланылат.Кургатылган жалбырактардын маңызы жөтөлгө жана жара оорусунда колдонулат. Элдик медицинада кургатылган жалбыракты чай сыяктуу демдеп, какырык чыгаруучу дары катары, көк жөтөлгө, дем алуу жолдоруна суук тийгеңде, дизентерияда, ич өткөндө кеңири колдонулат. Жай бою өсүп жетилген, бүтүн жалбырактарын сабагы менен чогултуп, көлөкө жерге, үйдүн чатырында кургатуу керек. Кургак жалбыракты (10—15 г) бир стакан кайнак сууга демдеп, суугандан кийин чыпкалап, аш кашык менен күнүнө 5—6 жолу ичсе болот.

Ит мурун — жапайы жана эгилме өсүмдүк. Токой четинде, бадалдардын арасында, сууOLYMPUS DIGITAL CAMERA жээктеринде өсөт. Дары сырьёсу катары мөмөсү пайдаланылат. Аны күздөн баштап кышка чейин жыйнап алса болот. Мөмөсүндө С жана башка витаминдер бар. Ит мурундан жасалган дарылар витамин катары жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн сунуш кылынат, боор жана өт ооруларында сезгенүүгө каршы колдонулат. какырык чыгаруучу жана сезгенүүгө каршы зат катары сунуш кылынат. Майдаланган тамырды (15— 20 г) бир стакан сууга 10 мин. кайнатып, чыпкалап, күнүнө 4—5 жолу кашык менен ичүү сунуш кылынат.

berries 

Долоно— жапайы өсүмдүк. Мөмөсүнүн экстракты менен гүлүнүн ачытмасы жүрөк-кан тамыр системасынын айрым ооруларын дарылоодо колдонулат.

 Каакым — көп жылдык чөп өсүмдүк. СууКаакым жээгинде, жолдун боюнда, огороддо, талаа-шалбааларда жана башка жерде өсөт. Медицинада каакымдын тамыры дары катарында колдонулат. Элдик медицинада кургатылган тамырын жана чөбүн демдеп өт баштыкчасынын оорусуна жана тамакка табитти жогорулатуучу дары катары, ошондой эле тамак сиңирүү бездеринин секрециясын ылдамдатуу үчүн да колдонулат. 10 г чөптү жана тамырын бир стакан кайнак сууга чылап тундуруп, чыпкалап күнүнө 5—6 жолу кашык менен ичет.

чалканЧалкан— көп жылдык өсүмдүк. Бардык жерде кездешет. Анын жалбырагы дарылык касиетке ээ. Жалбырагы жайында гүлдөгөн убакта жыйналып көлөкөдө, үй чатырында кургатылат. Кургатылган жалбырагы медицинада кан токтоткуч, жараатта, витамин жетишпегенде пайда болуучу ооруларда колдонулат. Элдик медицинада чалкандын маңызы кызыл жүгүрүк, бөйрөк, табарсык жана боор оорусунда пайдаланылат.

Чычырканак — Сибирь, Кавказ, Казакстан жана Орто Азияда өскөн тикендүү өсүмдүк. OLYMPUS DIGITAL CAMERAКөлмөлөрдүн жээгинде, саздуу шалбааларда өсөт. Мөмөсү Е, С, В, В, витаминдерине, каротин, аскорбин кислотасы, органикалык кислоталарга бай. Чычырканак мөмөсүнөн чычырканак майы алынат. Майында А, Е витаминдери, олеин, линол кислотасы бар. Чычырканак мөмөсү кеч күздө, суук түшө баштаганда жыйналат. Чычырканак майы гастрит, карын, он эки эли ичегинин жарасында, кызыл өңгөч рагында, денедеги күйүктү, үшүктү дарылоодо, гинекологияда пайдаланылат.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>