Елизавета II жөнүндө

280px-Elizabeth_II_greets_NASA_GSFC_employees,_May_8,_2007_edit[1]Елизавета II (толук аты Елизавета Александра Мария) Англия өлкөсүнүн башкаруучуларынан 40-монарх болуп саналат. Елизавета II  французча эркин сүйлөйт жана франциядан келген меймандар менен француз тилинде эркин сүйлөшөт. Ал монарх болгондон бери Кетерберийскдеги алты архиепископ алмашып, Улуу британияга он премьер министр, АКШ га он прездент шайланган. Британиянын азыркы премьер- министри Тони Блер королева бийлик кылып турганда төрөлгөн.(1953- жыл майда) Елизавета 1952-жылы 25 жашында атасы Георгий IY дүйнөдөн кайткандан бери Великобританиянын королевасы. Ушул жылдар ичинде  388 миң сыйлык тапшырып, 540 титул тапшыруу аземине катышкан. Ар бир аптанын шейшембисинде королева өлкөнүн премьер -министри Тони Блерди жеке кабыл алып,  андан өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча отчет алат. Бул сүйлөшүүлөрдү экөөнөн башка эч ким билбейт. Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтөт. Королева 3 миллион кат алып, өзү 100 миң жолу кат жазган. Тактыдагы 54 жылдын ичинде королева дүйнөнүн 129 өлкөсүнө 256 жолу иш сапары менен барган. Алардын ичинен Жаңы Зеландияга он жолу, Канадага 23 жолу, Ямайкага алты жолу, Австралияга 15 жолу барган. Чет өлкөгө барчу иш сапарларынын көбүндө Елизавета II нин жакшы көргөн унаасы “Британия” яхтасы болчу. Бирок 1997- жылы бул яхта өз ишин токтоткон. Алгачкы электрондук катын 1976- жылы жиберген. Королева техниканы аябай жакшы көрөт. Машинаны оңой айдайт жана фото өнөрүнө кызыгат. Азыркы тапта британ монархынын Эмма Линнет Монти Холли Уиллоу аттуу иттери бар. Королеванын өзү ойлоп чыгарган дорги породасындагы да иттери бар.Темзадагы бардык балыктар куштар жана аккуулар королеванын жеке менчиги болуп саналат. Эгерде бирөө аккуу атып алса королдук кароолчуга көрсөтүп, каттоодон өтүшү керек.

                                                                                     Бекназар Исабек уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>