Таш президенттерди кайдан көрүүгө болот?

Таш президенттер

АКШнын  сыймыгы болуп, туристтерди көбүрөөк кызыктырган айкелдердин бири  тоонун бооруна граниттен чегилген АКШнын төрт президентинин айкели.  Түштүк Дакотедеги Кистоун шаарынын жанында  Рашмар тоосундагы  гранит  ташынан турган бөлүгүндө АКШнын негизделишине, өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон төрт президенттин Джордж Вашингтондун, Томас Джефферсондун, Теодер Рузвельттин жана Авраам Линкольндун айкелдери чегилип жасалган бийиктиги 18,6 метр  абдан чоң  скульптуралык улуттук мемориал  бар.

Башкача айтканда төрт президенттин жүздөрү таштан өсүп чыккандай таасир калтырат. Жерден 1829 метр  бийиктикке көтөрүлүп турган  айкел  100 мерт алыстан дана көрүнүп турат.  Бул монументтин курулушунун демилгечиси тарыхчы жана публицист Даан Робинсон болгон.  Ал өз идеясы менен художник жана скульптор Гутзон Борглуманы  кызыктыра алган. 400гө жакын адам динамит, балка менен 14 жыл  бою чегип отуруп Америка Кошмо Штатынын улуттук сыймыгы болуп калган  төрт президенттин айкелин жаратышкан. Джордж Вашингтондун  айкели 1930-жылы,Джефферсондун  образы -1936-жылы, Линкольндун образы 1937-жылы,Рузвельттин образы  1939-жылы бүткөрүлгөн. Ал эми монументалдык комплекс толугу менен 1941-жылы бүткөрүлгөн.Азыркы мезгилде бул скульптуралык композиция дүйнөнүн булуң-бурчунан көптөгөн туристтерди  тартып турат. Жылына булл айкелдерге 2 миллионго жакын туристтер келип кетишет. Ошондой эле ар түрдүү фильмдерди тартуу учурунда декорация катары пайдаланылат. Монумент эч качан жуулбайт. Жаан-чачынга өзү жуулуп, тазаланып калат. Бирок барельефтен жарака кетпедиби, эрозия  болбодубу, сынбадыбы деген максатта жыл сайын  өтө терең  көзөмөлдөн өтүп турат. Бирок  адистердин айтымында  эррозия ар 100 жылда айкелдин 2,5 см сырткы бөлүгүн жеп турат экен.

                                                                           Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>