Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Адина Каримова

Адина Каримова

Нурилло Абдурашид уулу

Нурилло Абдурашид уулу

 

Ош шаарында өткөн мектеп окуучуларынын Ч.Айтматовдун  чыгармаларына арналган «Ааламдын Айтматову» дил баяндар сынагында  «Данек» гезитинин кабарчылары, №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адина Каримова,  №23 И.В.Панфилов атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Нурилло Абдурашид  уулу жеңишке жетишишип,  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак  Грамотасы жана баалуу белектер менен сыйланышты.

«Данек» гезити менен иштешкен №31 Курманжан Датка атындагы мектебинин «Ак илбирс» окуучулар тобу, №7 Нариманов атындагы орто мектебинин окуучулар тобу, №52 «Кыргыз-Түрк достугу»  атындагы таланттуу балдар мектебинин  «Ак  кеме» тобу, №42 Керме-Тоо  мектеп-гимназиясынын «Залкар» окуучулар тобу залкар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча Ош шаарындагы мектептер арасында интеллектуалдык таймаштарга активдүү катышкандыгы үчүн Ардак Грамота  жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Ал эми залкар жазуучуга арналган кааналарды жана залдарды уюштургандыгы үчүн «Мыкты Айтматов ордосу» номинациясы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектебине, «Мыкты  Айтматов каанасы» номинациясы  №17 Ю.А.Гагарин атындагы окуу-тарбиялоо комплекс мектеп-гимназиясынын №12 каанасына, ал эми «Мыкты сабак» номинациясы №42 Керме –Тоо гимназия –мектебинин мугалими Салтанат Баатырбаевага ыйгарылды.

Биз менен иштешкен мектеп жамаатарын жана кабарчы-окуучуларды сыйлыгы менен куттуктап, албан-албан  ийгиликтерди каалайбыз.

                                                                      «Данек» гезитинин эмгек жамааты

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>