...
ДалееЭне кош бойлуу мезгилинен баштап баланын ден соолугуна кам көрүүсү зарыл,- дейт Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо эмканасынын жогорку даражадагы тиш дарыгери Бүасия Рысдөлөтова. Баланын ден соолугу чың болуш үчүн кош бойлуу эненин дени сак болуу керек. Кош бойлуу эненин каны аз болбоо керек. Тиштерин да өз убагында дарылатып туруусу керек. Бала төрөлгөндөн кийин акыл-эсине келип, сөз түшүнө баштагандан балдарга эртең менен кечинде тиш жууганды үйрөтүшүбүз керек. Балдар үчүн атайын паста, щетка тандап берип, алардын туура тамактануусуна кам көрүүбүз абзел. Балдардын рационунда витаминге бай, кальцийге бай тамак-аштар болуусун камсыздаш керек. Кальцийге бай балык азыктарын, сүт азыктарын көбүрөөк берүү зарыл...
Далее
Комментарии