Кыштагы окуялар

Кыш мезгили эле. Жолдор кѳкмѳк муз, айлана аппак кар. Жол тайгак болгондуктан адамдар абайлап басып калышкан. Мектептен чыгып Нуржан экѳѳбүз үйүбүзгѳ бара жатканбыз. Биздин алдыбызда эки классташ балдар кетип баратышкан. « Кырсык  каш-кабактын ортосунда» ,-дейт эмеспи, бир заматтын ортосунда эки бала кѳк музга жыгылып түшүштү. Нуржан экѳѳбүз аябай күлүп, аларды шылдыңдадык. Бирок бир аз ѳтпѳй эле, жолдун аркы ѳйүзүнѳ  ѳтүп баратып  Нуржан экѳѳбүз дагы баягы балдардан бетер  тайтайып жыгылып түштүк. Катып калган музга катуу тийгенбизби, айтор тим эле башыма бирѳѳ даңк эттире койгондой болду. Айлананы карасам элдин баары чогулуп бизди карап, кээ бирлери кыткылыктап күлүп, кээ бирлери эстеликке деп сүрѳткѳ тартып атышат.

Андан кийин менин башым айланганын гана билем, башкасы эсимде жок. Кѳзүмдү ачсам  ооруканада жатыптырмын. Жанымда Нуржан бар экен.. Кѳрсѳ жыгылганда башым менен тийген экенмин. Кийин ошол жыгылган күндү эстеп Нуржан экѳѳбүз бир куплеттен күлүп жүрдүк. Биз   баягында балдарды шылдыңдап күлбѳстѳн, тескерисинче  аларды тургузуп, жардам беришибиз керек экенин ошондо түшүндүк.

Нурия  ЭРАЛИ  кызы,
Ю.Гагарин атындагы  орто мектептин
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>