Мектеп окуучуларынын ишембиликке кѳз карашы

Мен Ю.А.Гагарин атындагы мектепте окуйм. Мектебибиз ар дайым таза болуп турат. Биз ар бир ишемби күнү мектептин ичин, сырткы айланасын, мектеп алдындагы кѳчѳдѳн бери  тазалап турабыз. Ар бир класстын ѳзүнѳ тиешелүү бѳлүштүрүлгѳн жер тилкелери бар, бардыгы ошол жерлерди тазалашат. Мезгил-мезгили менен мектебибизде ишембиликтер да ѳтѳт. Мен айрым учурларда «Ишембиликте окуучулар иштебеш керек, алардын эмгеги эксплуатацияланып жатат»,- деген пикирлерди угуп калам. Мен бул пикирге макул эмесмин, окуучулардын дээрлик кѳбү бул пикирге макул эмес Мектебибиз, классыбыз таза болсо ѳзүбүзгѳ эле жакшы да. Биринчиден таза жерде адамдын кѳңүлү ачык болот, ар кандай оору жугуу коркунучунан алыс болобуз, башка жактан бирѳѳ келсе да айлана-чѳйрѳбүз таза турганына сыймыктанабыз, анан  ишембиликте биз ашыкча деле жумуштарды жасабайбыз. Бирок мектебибиздин айланасы, ичи дайым таза турушуна бардыгыбыз кам кѳрүшүбүз керек. «Мектептин тазалыгы мектеп жетекчилигинин, агай-эжейлерди иши»,- дегендерге такыр кошулбас элем.  Ар бир окуучу ѳзү билим алган мектептин тазалыгына ѳз салымын кошуш керек деп эсепейм. Мен бул тууралуу  кѳп окуучуларга кайрылып, тѳмѳндѳгүдѳй жооп уктум. Алардын бири Элена буларга токтолду:

-Мен биздин мектеп ар дайым таза болушун каалаар элем. Мектепти таза  тутуу биздин милдет. Эгерде биз мектепти бир жумада бир жолу тазалап койсок эч жерибиз кемибейт, ашып барса жарым саат убактыбыз кетет,-дейт ал ѳз сѳзүндѳ. Чынында биз мектептеги ишембиликке каршы эмеспиз. Бирок ишембиликтен качып, келбей койгон окуучулар да болот. Ишембилик сабактан кийин болот да, ошондуктан алар кээде качып кетишет. Бирок мындай окуучулар саналуу эле десек болот. Менин мектебим деп турган миңдеген окуучулар бар. Негизинен эгерде мектепти таза кармап, ар бир ишембиликке катышсаң эмгегиң текке кетпейт. Эң негизгиси- ѳзүңдүн экинчи үйүңдү  бир аз болсо да тазалап коюш анча деле чоң иш эмес, анан окуучулар  бир аз кыймылдайт, эмгек кылууга тарбияланабыз, эң негизгиси биздин класста ойноп  жүрүп эле ишибиз кандай бүткѳнүн билбей калабыз, анын эмнеси оор, үйүбүздү деле тазалап жүрбѳйбүзбү. Билим алган мектебибиз экинчи үйүбүз да, мен ушундай  деп ойлойм.

                                                                 Нурия ЭРАЛИ кызы,
Ю.А.Гагарин атындагы №17 мектептин 8-«А» классынын окуучусу

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>