Жаңы команданын ийгилиги

Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектептин жаңыдан түзүлгѳн футболдук командасы шаардагы 20 мектептин  командаларынын ичинен тѳртүнчү орунга татыктуу болду. Жакында шаардын Манас кичи районунун Нурспорт залында 20 мектептин футболчулары катышкан  мелдеш ѳткѳзүлдү. Мелдеште №17 мектептин командасынын оюнчулары мыкты ойноп, жаңы түзүлгѳнүнѳ карабастан тѳртүнчү орунга татыктуу болушту. Белгилеп кете турган жагдай, команда жакында эле №12 мектептин командасы  менен таймашта 2-3 эсебинде утулуп  калышкан.

Аталаган мелдеште 20 команданын ичинен «Эң жоомарт оюнчу» номинациясы №17 мектептин  окуучусу Инамидин уулу Мундузбекке тапшырылды. Жеңиш ээсине «Бул иийгиликке кантип жетиштиң?,-деп сураганыбызда ал: «Команда  мүчѳлѳрүнүн ынтымагы жана футболго шыктуу балдар ойногондуктан, бири-бирибизди терең түшүнүүнүн негизинде ийгиликке жетиштик»,-деди.

Нурсеит МАМАСАДЫКОВ,
№17 Гагарин атындагы орто мектептин
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>