Жалпы республикалык тестирлѳѳ

Маектешим Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкери  Дилбара Самудинова жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ каттоонун жүрүшү боюнча тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:

-Бул жылы жалпы республикалык тестирлѳѳнүн ѳтѳ баштаганына  быйыл 11 жыл толот.  Башкача  айтканда жалпы республикалык тестирлѳѳ  2002-жылдан  бери ѳткѳзүлүп келе жатат. Бишкекте «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» деген атайын борбор бар.

Ошол борбор менен  билим берүү  министрлиги биргеликте ѳткѳрѳт. Бүгүнкү күндѳ бизде, Ош  шаарында 2020 бүтүрүүчү болсо, 1721 окуучу каттоодон ѳттү. Ѳзү 11-марттан 11-апрелге чейин каттоо жүргүзүлѳт, бирок бүгүнкү  күнгѳ чейин каттоо токтобой, жүргүзүлүп жатат. Ѳзү тестирлѳѳ 18-майдан 21-майга чейин Ош шаарындагы №4 Киров атындагы мектебинде, №42 –Керме-Тоо мектебинде, №23 Панфилов атындагы мектептеринде ѳткѳрүлѳт. Буга негизинен 11-класстын бүтүрүүчүлѳрү, колледждердин, техникумдардын бүтүрүүчүлѳрү, жогорку окуу жайына тапшырам деген абитуриенттер катышышат.

-Бүгүнкү күндѳ канча бала катталды?

-15-апрель күнү  каттоо аяктады. 1721  мектеп окуучулары, 560 колледждин студенттери, жалпысы 2280 окуучу болду. Бирок дагы деле шаарда кеч угуп  калып, анан кандай кылып катталсак болот,-деген суроолор кѳп болот.

-Айыл жергесинен да катталыштыбы?

-Айылдардан келгендер да бар. Мурда окууну бүтүп, аттестаты колунда болсо, жогорку окуу жайына тапшырам деген абитуриенттер каттоодон ѳтүшүүдѳ.

                                                Нурсеит Мамасыдыков,

                     Ю.Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинин  10-«А»-классынын окуучу

2 comments to Жалпы республикалык тестирлѳѳ

  • Айдос  says:

    Тогуздун базасында тапшырган колледжди бутуп Жалпы Республикалык тестирлоого катышса болобу ?

  • kuduret  says:

    Da

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>