Daily Archives Воскресенье февраля 10th, 2013

Олимп” мектеп-гимназиясында теннис боюнча мелдеш ѳттү.

                                                                         

26-январда “Олимп” мектеп-гимназиясынын окучуулары арасында теннис боюнча мелдеш ѳттү. Мелдешке 6-11 класстардын ичиненен 2-3тѳн эң мыкты теннис оюнчулары катышышты. Бардыгы   22 окучуу  эле. Теннис мелдеши “Олимп” мектебинде ар жылы кышында абдан кызыктуу ѳткѳрүлѳт. Быйылкы мелдеш алардан арттан калган жок. Оюндун күйѳрмандары мелдешке катышкан досторун активдүү колдоп жана кол чабып турушту. Оюндун шарты боюнча утулган оюнчулар мелдештен чыгууга мажбур болушат. Ал эми жарым финалга жеткен оюнчулар финалга чыгууга жана  үчүнчү орунга ойношту. Оюндун калысы дене тарбиянын мугалими Моминов Рахматулло болду.

Далее

Чыңгызды эскерүү

Адам уккан атагыңыз кѳѳнѳрбѳс,
Жазганыңыз, ѳмүрүңүз улуу кѳч.
Сиздей инсан, сиздей залкар калемгер,
Бул жарыкка миң жылда бир тѳрѳлбѳс.

Жаралып бул жарыкка  калем менен,
Жаралып кѳѳнѳрбѳс талант менен.
Дүйнѳгѳ аты чыкты кыргызымдын,
«Кыргызстан» кѳрккѳ келип Чыңгыз менен.

Далее