Daily Archives Четверг февраля 7th, 2013

Жети кереметтин экинчиси- Семирамиданын асма багы.

                                                                                               

Дүйнөнүн  7  кереметинин  экинчиси болуп  Семирамиданын (Бабул) асма  багы  эсептелет. Байыркы  Чыгыштын  эң бай жана чоң  шаары  Вавилондо жайгашкан.  Биздин  заманга  чейин 600 жылдыкта  пайда  болгон Асма бактын  пайда  болуу  тарыхына  кайрылсак Вавилондун  ханы  Навуходоносор II  өзүнүн  эн  биринчи  душманы  болгон  жана 2  жолу Вавилондун борборун   басып  кирген Ассирияга  согуш ачуу үчүн Мидиянын ханы Киаксар  менен келишим  түзөт.  Ассирияны  колго  алгандан  кийин  Мидиянын  ханы менен  Навуходоносор II Ассирияны  тең  экиге  бөлүп  алышат.Мидия  менен Вавилондун аскердик  келишимин бекемдөө  үчүн Киаксар  өзүнүн  кызы Амитисти Навуходоносор IIге колуктулукка  берет. Тоолуу, абасы таза,  көк шибердүү  табияты кооз аймакта  өскөн Амитиске  чаң  баскан  жана  тынчы жок  Вавилон жакпайт, Аны  билген Навуходоносор II  Асма  бак  курдуруп  берет.

Далее

Биринчи жолу алгандарга бекер паспорт

Биринчи  жолу  паспорт  алып  жаткан  100 миң кыргызстандыкка ушул жылдан тарта  ID-карталар  бекер  берилиши күтүлүүдө.  Бул тууралуу  КРнын  вице-премьер  минис­три Тайырбек  Сарпашев 16  жашка  чыккан  жана  жаңыдан  паспорт  алып жаткан 20  өспүрүмгө   паспорт  тапшыруу  аземинде билдирди.

Анын  айтымында,  биринчи паспорт алуу укугуна жыл  сайын  114 000дей жаран  ээ  болот. Ал эми жаңы башталып жаткан  2013-жылдагы бул  долбоор быйыл сынамык  долбоор катары ишке киргизилген: «Азырынча  бул сынамык долбоор   болуп  эсептелинет,  бирок, эгерде анын жүрүшү  талаптагыдай  ишке  ашса, анда мындан  ары  16  жаштагы жарандарыбызды бекер паспорт менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот», – деди  Т.Сарпашев.

Далее

Кызык, эмнеге бардык адамдар мындай эмес…

                                                                                                                    

Айлана аппак, эшикте лапылдап кар жаап жатат. Терезеден аппак карды Алина дайыма карай берет.Таптакыр түшүнбѳйм, ал эмнеге жамгыр, же кар жааса  акмалап кѳзүн албайт? Мектепте кѳп эле сүйлѳй бербейт, дайыма китепканадан чыкпайт. Сырдашы сыягы китеп го… Анын  жүрүм-туруму, ар бир сабакка  катышуусу  ѳтѳ ѳзгѳчѳ. Баарынан мактоого татыктуу. Мен аны карай берем, карай берем. Карагандан эч тажабайм, акыркы мезгилдерде  ѳзүмѳ -ѳзүм суроо бере баштадым. Эмне үчүн ал менден күчтүү окуйт, ал эмнеге убактысын текке кетирбей  пайдалуу иштерге жумшайт,-деген суроолор бүт денемди курчап алды. Ѳзүмдѳн-ѳзүм туталанып, ага кадимкидей атаандаша баштадым. Китепканага бардым, китепти барактап, барактап, окуган адам болуп жүрдүм. Алинага кѳзүм түшүп калды. Ал дагы деле китептен кѳзүн албайт. Анда-мында терезеден айланага кѳз чаптырып,  кайра окуганды улантат. Эмне үчүн ал ушундай?

Далее