Балдар үчүн спорттук аянтчалар
Шаар күнүнө карата Ошто бир катар обьектилер курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ушул күнү шаардын бардык кичи райондорунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. «Туран» жана «Керме Тоо» аймактык кеңештериндеги балдар үчүн спорттук аянттардын курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши аталган райондордун тургундарын кубанычка бөлөдү. Шаардын вице-мэри Рустам Мирзаматов аталган райондордун тургундарын майрамдары менен куттуктады.
109-маршрут
Шаар күнүндө шаардагы 109 маршруттук каттамынын айдоочулары өздөрү демилге көтөрүп, шаар тургундарын эртең мененден кечке чейин бекер тейлешти. «Бул биздин шаар тургундарына майрамдык белегибиз»-деди 109 маршруттук каттамдын айдоочусу.
Нурсейит Мамасыдыков
Комментарии