Ош шаардык мэриясы «Алай” футболдук командасына автобус жана жеңил автомашина тапшырды

 спорт автобус

автобус, спорт

спорт автобус1Ош шаардык мэриясы «Алай» футболдук командасына 2013-жылдагы жетишкендиктери үчүн автобус жана «Honda CRV-4”  автомашинасын  ыйгарды. Ош шаарынын мэри  футболдук команданы ийгиликтери менен куттуктап, ыраазылык билдирүү менен  Кыргызстандагы чемпионаттардагы ар бир гол үчүн футболчу Ош шаарынын аймагынан жер тилкесин  ала тургандыгын белгиледи.

 Ошол эле жыйында шаар жетекчиси шаардагы мектептердин бардыгына 150 компьютер тапшырды. Же ар бир мектеп 5тен компьютер алды. Мэр өз сөзүндө Кыргызстанды Африка мамлекеттери менен салыштырган уюмдар менен кызматташпоого үндөдү.  «Эки компьютер берип коюп Кыргызстандын билим берүүсүнө көмөк көрсөтүп жатабыз деген уюмдар бар. Алар менен кызматташпагыла.Силерге мэрия жардам берет. Мектептерге заманбап оргтехника үчүн каражат бөлүүнү жылдан жылга көбөйтүүдөбүз, быйыл 5тен компьютер берсек, эмки жылы 10дон беребиз. Ош шаардык мэриясы билим берүүнү өнүктүрүү үчүн бардыгын жасайт»,- деди Мелисбек Мырзакматов өз сөзүндө.

 Ош шаарынын мэри  ошондой эле ким республикалык олимпиадада биринчиликке жетишсе Ош шаардык мэриясы тарабынан эки миң доллардан сыйлык ала тургандыгын дагы белгиледи. «Мен силерден  жеңиш гана күтөм,-деди өз өзүндө.

                                                                                                                                                                                      Бекназар Ысабек уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>