«Келечек» чыгармачылык борбору

IMG_2745

IMG_2760

IMG_2785

IMG_2788

IMG_2761IMG_2800

Ош шаарынын тургундарына жакшы маалым,   балдардын  «Келечек» чыгармачылык  борборунун  крышасы  25 – апрелде  өрттөнүп, күйүп кеткен. Аталган борбордун крышасын жаап, капиталдык ремонт кылуу үчүн Ош шаардык мэриясы тарабынан 2,5 миллион сом  каражат бөлүнүп, жай  бою аталган борбордо ремонт иштери жүргүзүлгөн. Борбордун директору Туратбек Муратовдун билдирүүсүнө караганда бүгүнкү күнгө  ремонт иштери 95 пайыз бүттү. Адистер ремонт иштерине кеткен чыгымды 5-6 миллион каражат жумшалат деп эсептешкен. Өрттөн чыгармачылык борбордун  актовый залы, компьютердик жана бий класстары көбүрөөк жабыркаган эле.  Азыркы мезгилде  актовый зал бүтө элек. Чыгармачылык борбордун жетекчиси  актовый залды оңдоо үчүн каражат изделип жаткандыгын, декабрга чейин актовый зал бүтө тургандыгын  маалымдады.

 Азыркы мезгилде  чыгармачылык борбордо  1,5 миң бала бюджеттик негизде ийримдерге катышышат. Бий, каратэ, гимнастика ийримдерине талап күчтүү. Ал эми балдардын саны 1,5 миңден ашып кетсе кийин ашыкча окуучулардын ата-энелери менен контракт түзүлүп, бухгалтереяга акчасын төлөп туруп анан  ийримге кабыл алынат. Чыгармачылык борбордо кол өнөрчүлүк, сүрөт, англис тили, ыр, кулинария, комуз, информатика, каратэ, бий, гимнастика сыяктуу 21 ийрим иштейт.

 Шаарда 57 мектеп бар. Ошолордун ар биринен кичинеден келсе эле балдар көбөйүп кетишүүдө. Шаар үчүн бир чыгармачылык борбор жетишсиз, шаардын ар бир районуна ушундай чыгармач ылык борборлорду ачуу керек,-дейт аталган борбордун директору

                                                                Бекназар Ысабек уулу,

Гагарин атындагы мектеп-комплекс  гимназиясынын

11 «А»- классынын окуучусу

 

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>