Нобелев сыйлыгы кайсыл жерде, кимдерге тапшырылат

Альфред Нобель

Альфред Нобель                           

Стокгольм

Стокгольм

 

Нобелев сыйлыгы- эң мыкты  илимий изилдөөлөр үчүн, революциялык табылгалар үчүн, маданиятка же  коомдун өнүгүшүнө кошкон ири салымы үчүн ыйгарыла турган  эл аралык  кадыр-барктуу сыйлыктардын бири.

Нобелев сыйлыгы  Альфред Нобелдин жазып калтырган мурас кагазына  ылайык негизделген. Мураста ал  сыйлыкты дүйнө жүзү боюнча беш илимий багыт боюнча гана ыйгарууга каражат бөлүү мурасы  жазылган. Алардын катарында адабият, физика, химия, физиология жана медицина белгиленген.1969-жылдан бери Швед банкынын демилгеси менен экономика боюнча да Нобель сыйлыгы ыйгарылып келүүдө.

Нобель  фонду 1900-жылы түзүлгөн, ал эми биринчи сыйлыктар 1901 –жылдын декабрында тапшырылган.

Физика, химия, физиология жана медицина, адабият жана экономика  тармактары боюнча сыйлыктар Стокгольмда Швециянын королу тарабынан тапшырылат. Ал эми  тынчтыкты коргоо багытында-Ослодо Норвегия нобелев комитетинин төрагасы тарабынан Норвегиянын королу жана королдун үй бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырылат.

Стокгольм-Нобелев сыйлыгын тапшыруу жайы катары гана  белгилүү эмес.

Бул шаар  бири –бири менен бириктирилбеген 14 аралга курулган. А бүгүнкү күндө  бул  райондо 57  көпүрө бар.

Биринчи Нобелев банкети 1901-жыылы 10-декабрда биринчи сыйлык тапшырылган күнү берилген. Азыркы мезгилде  банкет Көгүш залда өткөрүлөт.  Банкетке 1300-1400дөй адам чакырылат.  Банкеттин катышуучулары  фрак жана кечки көйнөк кийүү салтка айланган. Бериле турган тамактын тизмесин түзүүгө качандыр бир убактарда «Жылдын ашпозчусу» наамына татыктуу болгон  мыкты ашпозчулар катышышат. Сентябрь айында Нобелев комитетинин мүчөлөрү тарабынан тамактын тизмесинин үч түрү даам татылып көргөндөн кийин кайсы даам «Нобелев столуна» коюла тургандыгы чечилет.

Нобель Альфред Бернхард (1833-1896)- швед химиги, инженер, динамитти ойлоп тапкан окумуштуу болгон. Өзүнүн  байлыгын бүтүндөй Нобелев сыйлыгын түзүүгө мурастап жазып калтырган. Жасалма жол менен алынган  нобелий химиялык  элементи анын атынан аталган.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>