Мектеп окуучуларынын тамагы

Ош шаарындагы №50 мектеп-гимназиясынын кенже класстар боюнча завучу Бактыгүл Жусубалиеванын билдиргенине караганда аталган мектепте 1-4 –класстардан 507 окуучу мамлекет тарабынан атайын окуучулар үчүн берилген бекер тамак менен тамактанышат. Шаардагы мектептердин окуучулары үчүн атайын бирдей график түзүлгөн. 17 класстык комплект болсо ар бир окуучуга тамактаныш үчүн 10 минут убакыт берилет. Мисалы дүйшөмбүдө ар бир окуучуга 150 грамм сүт, 1ден булочка берилсе, шейшембиде 200 грамм компот, печенье, кийинки күнү пряник, коржк берилет. Бирок кечке эле пряник, булочка, печенье берсең балдар бул тамакты жегилери келбей калган учурлар болот. Айрым балдар сүттү жаман көрүшөт. Бирок эми суукта ысык чай, компот же сүттү булочка, печенье же коржк менен ичип алган жакшы эле деп ойлойм,-деди Жусубалиева

Сайкал Нурбек кызы

Tags:  

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>