Атама

Adilet-Ilyaz-uulu-224x300

Чоң атам Ноорузов Жолчуга

Ак-сакалдуу наркысыз  Жапалактын,

Атасы адал эмгек, күч кубаттын,

Кутман курак 64 жаш маарек болсун,

Аброюлуу, куйкум сөздүү чоң атамдын.

 

Уул-кызды пайгамбардай кастарлаган,

“Келечекте элге керек болгун  адам,

Жөнөкөй бол, эмгек менен билим ал” деп,

Өстүрдүңүз  “бата  ал” деп  элден-журттан.

 

Чоңойттуңуз “балдарым аска-зоом” деп,

Айтып бизге куйкумдуу сөз,тамаша кеп,

“Уулдарым” уңгумду улаар өзөгүм  деп,

“Бул жашоодо адам жана адам бол” деп

 

Насаат айтып “көк асмандай бийик бол” деп,

“Турмуш деген чыракта билик бол” деп,

Ата сиздин жасаган эмгегиңиз,

Бизге бакыт,тирек болду бүгүн  демек.

 

Ар убак эмгек менен эрмек болуп,

Уул- небере сиз үчүн  кымбат болду,

Адамдык аброюңуз бийиктеди,

Күнү-түнү  ой санааңыз кызмат болду.

 

Мен сизди теңейм баатыр, улууларга,

Алымбекке, Айтматовко, Чыңгызханга,

Сиздин эмгек,күч-кубат кайталангыс,

Түгөл  журтка, өрнөк  болоор адамзатка.

 

Биз үчүн  тоодой эмгек жасадыңыз,

Зоболоңуз бийиктеди атагыңыз,

Наамыңыздан кадыр -барктуу ата деген,

Түбөлүк үлгү   алат  уулдарыңыз.

 

 

Талпынып тууруңуздан биз чоңойдук,

Мээриңизден буйруса адам болдук,

Атыңызга абройлуу,”Ата”деген,

Биз айтабыз ырахмат уруп кулдук.

 

Бүгүн көрүп үзүрүн ак  эмгектин,

Сыйын көрүп, уул-кыздын, неберенин,

Сый үстүндө  урмат көрөөр  убагыңыз,

Жүзүн сүйүп, жытын жыттап чеберенин.

 

Кудай сизге суудай узун өмүр  берсин,

Өмүр  менен ден-соолук да энчилесин,

Сизге ата 64 жаш эмне экен,

105 жаштын кудай буйруп жазы келсин.

 

 

Ильяз уулу Адилет ,

№31 Курманжан датка мектебинин  10-”б”классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>