Талкаланган күзгү

003

Бул окуя тээ илгери-илгери болуп өткөн. Ал учурда Корея кыштактарынын эли күзгү дегенди көрмөк турсун, ал жөнүндө уккан да эмес болучу.  Күзгүнү Сеул шаарындагылар гана билүүчү. Бир жолу айылдык бир соодагер Сеулга жумуштап келип, базардан күзгү сатып алып, аны үкөккө салып үйүнө алып келет. Үйүнө кайтып келгенде күзгү тууралуу эч бир жанга айтпады: аялына, энесине, атасына, а түгүл баласына дагы. Ар күнү жашырынып келип, үкөгүн ачып, күзгүгө өзү көрүнүп алчу. Бир күн ү аялы күйөөсүнүн артынан аңдып, күйөөсү негедир үкөгүн ачып, ал жакка карап күлмүңдөп коюп, кайра бекитип, аны катып коюп жүргөнүн байкап калат. Күйөөсү үйүндө жок учурдан пайдаланып, аялы үкөктүн капкагын ачып караса ичинде сулуу бир келин аны карап турат. Аялы озондоп ыйлап кирет:

-Менин күйөөм өзүнө жаш аял алып келген тура. Эми мени үйдөн айдап чыгат дейт. Келининин үнүн угуп, соодагердин энеси үкөктү көрдү, үйгө кирсе келини көзүнүн жашын көлдөтүп: – Уулуңар башка аялга үйлөнүп алыптыр. “Тигине үкөктүн ичин караңыз -,дейт.  Энеси үкөктү ачып  карайт. Анын ичинен карыган кемпирди көрүп келинине асылат. Кудайды карасаң боло! Сен ыйлабай эле кой, мына мен ыйласам болот. Менин уулум жаңы эне таап алыптыр. Эми мени бакпай коет тура. Эми кайда барам,-деп ыйлай баштайт. Ошентип кайын энеси келинине кошулуп, экөө кошул-ташыл ыйлап олтурушат. Алардын ыйын угуп соодагердин  атасы шашылып келет.  –Ой эмне болду, эмне болуп кетти,-дейт. –Атаке, уулуңуз Сеулдан башка аял алып келиптир, десе келини, уулуңуз жаңы энелүү болуптур дейт энеси.

Экөө тең тиги үкөктү көрсөтүшөт. Үкөктү ачып көрүп, атасы кыйкырып  жиберет. Эмне экөөңдүн тең көзүңөр сокур болуп калганбы, ал жакта аял эмес, башка бир чал олтурат, демек уулубуз өзүнө ата таап алган тура,-деп тигилердин катарына отуруп ыйлап кирет. Ошентип атасы, энеси, келини үчөө бирдей озондоп жатышты.  Ызы-чууну угуп, соодагердин ойноп жүргөн  баласы үйгө кирет.   Ал бала үйгө киргенде бир колунда чоң таш, бир колунда таттуу момпосуй бар болчу. Бала ачык турган үкөктүн ичин караса, бир бала анын момпосуюн алып алыптыр. –А-а сен менин таттуу момпосуюмду эмне алып алдың, ыя! Мына сага!,-деп экинчи колундагы ташты күзгүнү көздөй ыргытты эле, күзгү талкаланып кетти. Ошентип өзүмчүл соодагер өз үй-бүлөсүнөн аяган, өз жакындарына ыраа көрбөгөн күзгүсү сынып, талкаланып жок болду.

                                                         Талгат Кудайбердиев,

                                           №11 В.В. Терекова атындагы жатак мектебинин

                                       4-Б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>