«Баланын тишине кам көрүү зарыл…»

Бүасия Рысдөлөтова

Бүасия Рысдөлөтова

Эне кош бойлуу мезгилинен баштап баланын ден соолугуна кам көрүүсү зарыл,- дейт Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо эмканасынын жогорку даражадагы тиш дарыгери  Бүасия Рысдөлөтова.  Баланын  ден соолугу чың болуш үчүн кош бойлуу эненин дени сак болуу керек. Кош бойлуу эненин каны аз болбоо керек. Тиштерин да өз убагында дарылатып туруусу керек. Бала төрөлгөндөн кийин акыл-эсине келип, сөз түшүнө баштагандан балдарга эртең менен кечинде тиш жууганды үйрөтүшүбүз керек. Балдар  үчүн атайын паста, щетка тандап берип, алардын туура тамактануусуна кам көрүүбүз абзел.  Балдардын рационунда витаминге бай, кальцийге  бай тамак-аштар болуусун  камсыздаш керек. Кальцийге бай балык азыктарын, сүт азыктарын көбүрөөк берүү зарыл. Анан  балдар  таттууну көп жешет эмеспи, таттууну өтө көп жедирбегенге аракет кылып,  таттуу жегенден соң оозду жууганды, чайкаганды үйрөтүү керек. Анан албетте балдарды 6 айда бир тиш доктурларына көргөзүп, бузулган тиштерин дарылатып туруу зарыл, 10 жашка чейинки балдардын тиштери  акысыз дарыланат,-дейт Бүасия Рысдөлөтова.

 Сайкал Нурбек кызы,

                                Ош шаарындагы Керме-Тоо  гимназия мектебинин

9-б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>