Азайып бараткан ак турналар

                                                                                              Aerial Ballet

                                                                                                  Ак турналар

Турналардын бул түрү  көптөгөн мезгилге чейин сейрек белгилүү болуп келген. Бирок  1973-жылы турналарды коргоо эл аралык фонду түзүлгөндөн кийин орнитологдор ак турналардын (стерхтердин) жок болуп кетүү коркунучунда  турганын  айтып чыгышкан. Ошондон кийин алар Кызыл китепке киргизилип, абдан дыкат изилдене баштаган.Адистер азыркы мезгилде  3000ге жакын ак турналар бар деп эсептешет.

Ак турна- бийиктиги 140 см, салмагы 5 -9 кг. канаттары 210-230 сантиметрди түзгөн ири куштардын бири. Турналардын баш бөлүгүндө, көздөрүнүн айланасында жана тумшугунда  жүн болбойт. Чоң турналардын  башы жана тумшугу кызыл түстө болот. Стерхтердин канаттары аппак болот жана алар Россиянын  территориясында  уялашат. Адистердин айтымында бул  куштар негизинен Архангелск облусунда жана  Якутиянын түндүгүндө-тундрада кездешет.  Кышында турналар Индияга жана Ирандын Түндүгүнө сапар  алышса, Якутиянын турналары Кытайга жол тартышат. Турналардын эркеги менен ургаачысы уяны    бири-биринен 12-15 сантиметр аралыкта жакын, суунун үстүнө курушат. Уяларын куруу үчүн алар өлөң чөп же башка чөп-чарларды колдонуп, уяларды абдан бекемдешет. Ургаачы турна эки жумуртка басат. Эки балапан тең жашап кетүүгө жан далбастайт, бирок  эки балапандын бирөө гана жашап кете алат.

Турналардын бул түрүнүн жашоосу көбүнчө суу менен байланыштуу. Алардын моюндарынын, тумшуктарынын, буттарынын узундугу  бардык жерде тамак-аш таап жегенге ылайыкташтырылган. Бул турналар өсүмдүктөр менен да, жандыктар менен да тамактанышат. Жазда жана жайда алар    майда кемирүүчүлөр, куштардын жумурткалары жана балапандары, балыктар жана курт-кумурскалар, саздардагы, суулардагы өсүмдүктөр менен тамактанышат. Ал эми кышында ысык тараптарга учуп барышкан мезгилдерде негизинен жагымдуу өсүмдүктөр, суудагы өсүмдүктөрдүн тамырлары менен тамактанышат.

Баарынан кызыгы турналардын бардык түрлөрүндөй эле алар эркек ургаачысы  бири-бирин тапканда   бутактарды ыргытышып, жүгүнүшүп, ырдашып, бийлешип, секиришип жана канаттарын чапкылашып сүйүнгөндүктөрүн  билдиришет.

                                                                           Сайкал Нурбек кызы,

                                                              Ош шаарындагы Керме-Тоо мектеп гимназиясынын 9-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>