Чыңгыз Айтматовго арналган майрамдык кече

                                                                                          IMG_1835

11-декабрда №52- “Кыргыз -түрк достугу таланттуу балдар мектебинде” Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына   арналган адабий көргөзмө музыкалык кече болуп өттү. Кечеге шаардагы белгилүү мектептердин окуучулары жана мугалимдери катышты. Адабий кечеде көп мектептердин окуучулары тарабынан тартылган сүрөттөр  көргөзмөгө  коюлду. Адабий кечеде ар бир мектептин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын катыштырып дилбаян жазган окуучуларына дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Адабий кечеге  Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери  Гүлмира Осекова катышты. Кечеде шаардагы бир катар мектептер өздөрүнүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына карата өткөзгөн жумалыктарын чоң экранда отчет кылып көрсөтүштү. Адабий кечени №52- мектептин мугалими Идирис Айтбаев алып барды. Кеченин аягында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына карата мыкты сүрөт  тарткандарга Ч. Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган картиналар жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Бекназар Ысабек уулу,

№17- Ю. А. Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп гимназия комплексинин 11-А классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>