Жакшы болуш аста-аста…

                                                                                             IMG_1805

 Чаткал  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  жана  Чаткал  райондук ички иштер башкармалыгынын демилгеси  менен «Мекеним  менин-Кыргызстан!»  аталыштагы  чоң  профилактикалык  иш-чаралардын  алкагында  2013-жылдын  13-декабрында Чаткал  районунун  Каныш-Кыя  айылындагы  С.Байдөөлөтов­­  атындагы  орто  мектебинде жаштар  арасында  укук  тартибин  сактоо, кылмыштуулуктун  алдын  алуу,  кылмыштарды  болтурбоо, мектептердеги  рэкетчиликке  бөгөт  коюу,  өзүн-өзү  өлтүрүүнүн (суицид)  алдын  алуу, ички  иштер  органдары  менен  мектептердин  ортосундагы ишенимди  чыңдоо, жаштарды  патриоттуулукка  тарбиялоо жана  ынтымак,  достук  багытында   «Жакшы  болуу  аста-аста, жаман  болуш  бир паста»  деген  темада  ток  шоу  өткөрүлдү. Бул  ток  шоуга  айылдын  имамы А.Нышанов,  мектептин  педогогикалык  коллективи,  коомдук  уюмдардын  өкүлдөрү,  ата-энелер  жана  мектептин  окуучулары  катышышты.

         Ток  шоуга  катышкан  жетекчилер,  мугалимдер,  коомдук  уюмдардын  өкүлдөрү жана  мектеп  окуучулары  активдүүлүгүн  көрсөтүшүп, өспүрүмдөр  арасындагы   жаман  көрүнүштөргө, укук  бузгандарга  каршы   милиция  менен  бирге  иш  алып  баралы,  жалпы  өлкөбүздүн,  анын  ичинен  районубуздун   аймагында  тынчтыкты   камсыз  кылганга ар  бирибиз  үлүшүбүздү  кошолу,  мекенчил  бололу, керек  болсо  коомдук  коопсуздукту  камсыз  кылганга  ар  бирибиз  активдүү  катышалы,  мектеп  окуучуларынын  арасындагы  рэкетчиликке,  ар  кандай  терс  көрүнүштөрдүн  алдын  алалы, өспүрүмдөр  арасындагы  өзүн-өзү  өлтүрүү, же   аракет  жасаган  фактылардын  себебин  аныктап,  ошого  карата  ар  бирибиз  алдын ала  чараларды  көрөлү,  мындай  өкүнүчтүү  окуяларга  жол  бербейли,  ата-энелер  менен  жер-жерлерде  жолугушууларды  үзбөй  өткөрөлү  деген  ойлор  айтылып,  аксакалдар,  мугалимдер өздөрүнүн  насааттарын,  кеп-кеңештерин   беришип,   окуучулар   суроо-жооп  иретинде  талкуулашып,  иш-чаралар  белгиленди.

       Ток  шоунун  жүрүшүндө  мектеп  окуучулардын  аткаруусунда  өспүрүм  балдар  арасында  болуп  жаткан  кылмыштуулук  жана   жаман  жосундар  боюнча  чагылдырылган  чакан  сахналаштырылган  көрүнүштөр  тартууланды.

                                                Азамат Маматалы уулу,

                                                  Ош шаарындагы «Олимп» гимназия мектебинин 9-β                   классынын  окуучусу

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>