Куттуктоо

1293979986_3

Урматтуу  Ош шаарынын тургундары, билим берүү тармагынын  кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар!

Сиздерди  келе жаткан жаңы 2014-Жылкы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Жаңы жыл сиздерге бакты таалай, үй-бүлөңүздөргө  тынччылык, аманчылык, эл –жерибизге  береке пайыз, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген акжолтой, ийгиликтердин  жылы болсун!  Өз өмүрлөрүн келечек муунду тарбиялоого  арнаган ардактуу мугалимдерибиздин  иштеринде ийгилик болсун! Биздин Ош шаарынын мектеп окуучуларынан  келечекте  Мекенибиздин  тагдырын чече турган, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган  билимдүү, патриот,  мыкты инсандар тарбияланып өсүп чыксын. Бүгүн жаңы жылды тосуп отуруп, артка кылчайсак өтүп бараткан жыл да биз үчүн жакшы жыл болду. Билим берүү тармагында көп ийгиликтерге жетиштик. Көп бүтүрүүчүлөрүбүз мектепти мыкты аяктап,  жогорку окуу жайларында билим алышууда. Республикалык олимпиадада Ош шаарынын окуучуларынын дэңгээли тарыхта биринчи жолу экинчи орунга татыктуу болду. Мугалимдерибиз сынактарда көп ийгиликтерди жаратышты.Айтор кетип бараткан жыл жөнүндө бизде жакшы, жылуу гана эскерүүлөр калмакчы.

Дагы бир ирээт майрамыңыздар менен куттуктайм!

                                    Гүлайым Машрапова,

                            Ош шаардык билим берүү башкармасынын  начальниги

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>