Балдарды кубанткан куурчак театры

                                                                                         Бекназар-куурчактар 1

Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун куурчак театры ийриминин окуучулары    Курманжан Датка мектебине барып өз өнөрлөрүн көрсөтүп  келишти. Бул күн  16 мектепке куурчак театрын коюп келүү үчүн   ийримидин долбоорунун башталышы эле. Курманжан Датка мектебинин окуучулары куурчак театрынын окуучулары коюп берген сахналык көрүнүштөрдү  жана атайын ырларды абдан  жакшы кабыл алышты. Алар куурчактардын кыймылын көрүп аябай кубанышты. Концерт улуттук бий жана балдардын атайын ырдаган ырлары менен коштолду. Концерттик программага 1-2-3-4-класстын окуучулары  класс жетечилери менен катышышты.Куурчак театрынын окуучулары “Акылдуу Асел кыз” аттуу спектаклди аткарышты эле окуучулар терс каармандар менен оң каармандарды абдан так эстеп калышыптыр. Концерттик программаны алпаруучу бала сураганда балдар спектаклди талдап, оң жана терс каармандардын образын туура же туура эмес кылышкандарын жатка айтып беришти. Концерттик программанын аягында мектеп завучу куурчак театрынын балдарына, атайын келип балдарга тарбиялык мааниси кенен спектаклди жана концерттик программаны коюп беришкендиктери үчүн  ыраазычылык билдирди.

                     Бекназар Ысабек уулу,

                                             Ош шаарындагы №17 Гагарин атындагы

                                           11 –класссынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>