Урматтуу кесиптештер, окуучулар, «Данек» гезитинин окурмандары!
Сиздерди алдыда келаткан 2014-Жылкы жылы менен куттуктайм. Жаңы жылыңыздар үй –бүлөңүздөргө бакты –таалай алып келген, ишиңиздерге ийгилик. кут, береке тартуулаган берекелүү, түшүмдүү, жакшы жыл болсун!
Сиздердин түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерге ийгилик каалайм, кесиптештер!
Биз окуучуларыбызды зор үмүт менен тарбиялап, окутабыз. Биздин мектепте окуган окуучуларыбыз Мекенибиздин, Кыргызстаныбыздын керегине жараган мыкты адам болсо экен деп ойлонобуз. Ошол үмүттөрүбүз ишке ашсын, ылайым биздин окуучуларыбызды ийгиликтер жандап, жакшылыктар жолдош болуп жүрсүн!
Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!
Нускайым Сулайманова,
Ош шаарындагы №48 орто мектебинин
директору
Комментарии