Куттуктоо

                                                                                                koni

Урматтуу «Данек» гезитинин жамааты, агартуу майданында талбай иштеп келе жаткан ага-эжекелер, келечек ээлерибиз болгон наристелер!

Сиздерди кирип келе жаткан Жылкы  жылы менен кызуу куттуктайбыз.  Урматтуу «Данек» гезитинин чыгармачыл жамааты, эч качан калемиңиздер талбасын, келечектин ээлерин жакшылыктарга үндөп, мекенчилдикке тарбиялап, мындан ары да наристелерибиздин жакшы саамалыктарын, жетишкен ийгиликтерин жар сала беришиңиздерге тилектешпиз. Замандын оош-кыйыштарына кабагым-кашым дебестен жүрөгүн балдарга арнап келе жаткан мугалимдер  жамаатынын түйшүктүү иштерине  талбаган жигерди, үй-бүлөлөрүнө тынччылыкты, жашоолоруна бардарчылыкты жана жылкыдай  шамдагайлыкты, күлүктүктү каалайбыз.

Ал эм бөбөктөрүбүздүн жүзүнөн эч качан бактылуу балалыктын жылмаюусу өчпөсүн, окууларында түгөнбөс ийгиликтер жаралсын, ден соолуктары бекем болуп, бүгүнкү заман талабына шайкеш келген азаматтардан болуп, чоңоюшсун деген  тилекти билдирем.

                                                                                        Клара Абдуллаева,

                  №31 Курманжан Датка атындагы орто мектептин  директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

                                                                                                          Роза  Балтабаева ,

                   мектептин социалдык педагогу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>