Daily Archives Вторник апреля 1st, 2014

Ош шаарынын мектептеринде Алиппе майрамы өттү

IMG_0664

Ош шаарынын мектептеринде жакында 1-класстын окуучулары үчүн Алиппе майрамы өткөрүлдү. Ар бир окуучу бул күндү эч качан унутпаса керек. Мектеп босогосун аттаган бала үчүн Алиппе күнү кубанычтуу майрам да, ошондой эле бир жылдын ичинде алган билиминди сындан өткөрө турган жоопкерчиликтүү да күн. Бул Алиппе күнү биздин «Олимп» мектеп-гимназиясында да өтө шаң менен майрамдалды. Ага 1-класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышышты. Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп босогосун атташып, билим алууну Алиппеден башташкан бөбөктөр бир жылдын ичинде алган билимдерин көрсөтө алышты. Алар ырларды көркөм айтышып, ар кандай оюндарга катышышты жана өз өнөрлөрүн тартуулашты...

Далее

Жаңы методикалар колдоого алынууда

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Бизде мейманда №17 Юрий Алексеевич Гагарин атындагы  окуу-тарбиялоо комплекс мектеп –гимназиясынын  директору, билим берүүнүн мыктысы   Жунусова Айгүл Абдымажитовна.

-Айгүл Абдымажитовна айтсаңыз, билим берүүнүн  жаңы усулдары сиздердин мектепте ишке ашырылып атыптыр, мектебиңиздердин курамында балдар бакчасы бар экен, дагы кандай жаңылыктарыңыздар  бар?

-Биздин мектепте быйылкы 2013-2014-окуу жылында 779 окуучу  билим алууда  жана мектеп алдын...

Далее