Ош шаарынын мектептеринде Алиппе майрамы өттү

IMG_0664

Ош шаарынын мектептеринде жакында 1-класстын окуучулары үчүн Алиппе майрамы өткөрүлдү. Ар бир окуучу бул күндү эч качан унутпаса керек. Мектеп босогосун аттаган бала үчүн Алиппе күнү кубанычтуу майрам да, ошондой эле бир жылдын ичинде алган билиминди сындан өткөрө турган жоопкерчиликтүү да күн. Бул Алиппе күнү биздин «Олимп» мектеп-гимназиясында да өтө шаң менен майрамдалды. Ага 1-класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышышты. Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп босогосун атташып, билим алууну Алиппеден башташкан бөбөктөр бир жылдын ичинде алган билимдерин көрсөтө алышты. Алар ырларды көркөм айтышып, ар кандай оюндарга катышышты жана өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Шаардагы Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы №16 мектеп-гимназиясында да Алиппе күнү  салтанатуу түрдө белгиленди. Класстык сааттар, концерт жана интеллектуалдык ар кандай оюндарда 1-класстын окуучулары мугалимдери менен кошо  жетишкен ийгиликтерин көрсөтө алышты.

Маматалы уулу Азамат,

«Олимп» мектеп-гимназиясынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>