Monthly Archives апреля 2014

Фундамент башталгыч класста калыптанат

IMG_3860

Фундамент башталгыч класста калыптанат,-дейт №17 Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялык  комплекс гимназия мектебинин башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Нышанова Шарапат. Биздин мектепте башталгыч класстарда 1-класстан 4-класска чейин  230 окуучу билим-тарбия алышат. Терең билим берүү үчүн балдарга билим берүүдө бизде көп эмгеги сиңген, бардык  сыноолордон өткөн, башка программалар менен иштеген эжекелерибиз сабак беришет. Анан  3-4 жылдан бери биз Германиянын   «Окутуунун активдүү формалары» деген  методу менен   билим берип келатабыз. Биздин бардык эжекелерибиз, мына өзүм баш болуп, ошол программаны окуп, үйрөнүп, анан балдарга билим берип келатабыз, Мунун  жакшы жагы  балдардын билимге умтулуусун  өнүктүрө турган программа болуп эсептелет...

Далее

Ош шаарынын мектептеринде Алиппе майрамы өттү

IMG_0664

Ош шаарынын мектептеринде жакында 1-класстын окуучулары үчүн Алиппе майрамы өткөрүлдү. Ар бир окуучу бул күндү эч качан унутпаса керек. Мектеп босогосун аттаган бала үчүн Алиппе күнү кубанычтуу майрам да, ошондой эле бир жылдын ичинде алган билиминди сындан өткөрө турган жоопкерчиликтүү да күн. Бул Алиппе күнү биздин «Олимп» мектеп-гимназиясында да өтө шаң менен майрамдалды. Ага 1-класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышышты. Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп босогосун атташып, билим алууну Алиппеден башташкан бөбөктөр бир жылдын ичинде алган билимдерин көрсөтө алышты. Алар ырларды көркөм айтышып, ар кандай оюндарга катышышты жана өз өнөрлөрүн тартуулашты...

Далее

Жаңы методикалар колдоого алынууда

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Бизде мейманда №17 Юрий Алексеевич Гагарин атындагы  окуу-тарбиялоо комплекс мектеп –гимназиясынын  директору, билим берүүнүн мыктысы   Жунусова Айгүл Абдымажитовна.

-Айгүл Абдымажитовна айтсаңыз, билим берүүнүн  жаңы усулдары сиздердин мектепте ишке ашырылып атыптыр, мектебиңиздердин курамында балдар бакчасы бар экен, дагы кандай жаңылыктарыңыздар  бар?

-Биздин мектепте быйылкы 2013-2014-окуу жылында 779 окуучу  билим алууда  жана мектеп алдын...

Далее