Среда марта 20th, 2013,
Posted in КЫРГЫЗЧА, Маселе бар, Мектептин жашоосу
Мен Ю.А.Гагарин атындагы мектепте окуйм. Мектебибиз ар дайым таза болуп турат. Биз ар бир ишемби күнү мектептин ичин, сырткы айланасын, мектеп алдындагы кѳчѳдѳн бери тазалап турабыз. Ар бир класстын ѳзүнѳ тиешелүү бѳлүштүрүлгѳн жер тилкелери бар, бардыгы ошол жерлерди тазалашат. Мезгил-мезгили менен мектебибизде ишембиликтер да ѳтѳт. Мен айрым учурларда «Ишембиликте окуучулар иштебеш керек, алардын эмгеги эксплуатацияланып жатат»,- деген пикирлерди угуп калам. Мен бул пикирге макул эмесмин, окуучулардын дээрлик кѳбү бул пикирге макул эмес Мектебибиз, классыбыз таза болсо ѳзүбүзгѳ эле жакшы да. Биринчиден таза жерде адамдын кѳңүлү ачык болот, ар кандай оору жугуу коркунучунан алыс болобуз, башка жактан бирѳѳ келсе да айлана-чѳйрѳбүз таза турганына сыймыктанабыз, анан ишембиликте биз ашыкча деле жумуштарды жасабайбыз. Бирок мектебибиздин айланасы, ичи дайым таза турушуна бардыгыбыз кам кѳрүшүбүз керек. «Мектептин тазалыгы мектеп жетекчилигинин, агай-эжейлерди иши»,- дегендерге такыр кошулбас элем. Ар бир окуучу ѳзү билим алган мектептин тазалыгына ѳз салымын кошуш керек деп эсепейм. Мен бул тууралуу кѳп окуучуларга кайрылып, тѳмѳндѳгүдѳй жооп уктум. Алардын бири Элена буларга токтолду:
Далее
Комментарии