Матлюба Мусабаева Өзгөн шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын Журналисттер, Жазуучулар союзунун мүчөсү, 20га жакын китептин автору
МЕКЕН
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган сен мекен,
Кубанычтын күлкүсүнөн жаралгансың сен мекен.
Дарттарыма даба дагы өзүң болуп дарылап,
Даңгыр жолду тагдырыма буюргансың сен мекен.
Сулуулуктан, аруулуктан жаралгансың сен мекен,
Тунуктукту, махабатты тартуулайсың сен мекен.
Бакыт тапкан ар улуттун ширелишкен балдарын,
Бапестейсиң, балапандай өстүрөсүң сен мекен.
Өксүгөндө, өкүнгөндө эркелеттиң энемдей,
Бул ааламга сыйдырганың бир мен үчүн кенедей.
Дос, туугандан таарынганда өксүү тартса көңүлүм,
Акыл айткан асылымсың, ак жоолукчан энемдей.
Мектеп гимни
Мектебим сен жарыксың,
Дилиме нур тараткан.
Билим менен чаңкоо кандырдың,
Кең ааламга жол ачкан.
Кайырма:
Мектеп атам-энемсиң,
Туура жолго баштаган.
Казынасың, көлдөй тереңсиң.
Жүрөгүмө чок таштаган.
Мугалимим мээримдүү,
Билим берет чын дилден.
Устат улуу, Адам билимдүү,
Аты түшпөйт эч тилден.
Кайырма:
Мектеп атам-энемсиң,
Туура жолго баштаган.
Казынасың, көлдөй тереңсиң,
Жүрөгүмө чок таштаган.
Мектептеги күндөрүм алтындай,
Бул күндөрүм кайра табылбас.
Жаштык кезиң ааламдай,
Зар болсо да билим сатылбас.
Кайырма:
Мектеп атам-энемсиң,
Туура жолго баштаган.
Казынасың, көлдөй тереңсиң,
Жүрөгүмө чок таштаган.
Комментарии