Шайназарова Кызжибек: «Бүтөөрдө тайгаланган баарынан кыйын го…»

Мен маекке тарткан кыз Шайназарова Кызжибек «Олимп» мектеп-гимназиясынын 11-классында окуйт.

– Кызжибек, кайсы класстан  бери жалаң 5ке окуйсуң?
– 1-класстан баштап жалаң 5ке окудум. Кийин көнүп калдым. Азыр өзүмдү башкача элестете албайм.

– Сага кайсы сабактар жагат?
– Бардык сабактарды терең окуганга аракет кылам. Айрымдар айтат эмеспи, мен врач болгум келет, мага адабияттын, тарыхтын эмне кереги бар дешет, же тетирисинче мен тилчи болгум келсе, алгебра, физиканын эмне кереги бар дешет. Мен мындай пикирлерге кошула албайм. Менин оюмча адам ар тараптуу өнүгүш керек да. Туура, баарын билүүгө мүмкүн эмес, бирок мүмкүн болушунча көптү билүүгө аракет жасаш керек. Мен орус тили жана адабиятынан олимпиадага катышкам, андыктан мен ушул сабактардан күчтүү окуйм десем болот. Бирок мага англис тили, тарых, география, гуманитардык сабактар да жагат. Ал сабактардан да жакшы окуйм.

– Кесип тандадыңбы?
– Ойлонуп жүрөм. Мен дизайнер-архитектор болоюн деген оюм бар. Анткени атам архитектор болуп иштейт. Анын кесиби жагат.Бирок мен дизайнер-архитектор болсом дейм.

– Олимпиадаларга катышып жүрөсүңбү?
– Былтыр катышпадым, себеби мен бул жакта окуган жокмун. 9-класста орус тили боюнча катышып, 2-орунду ээлегем. Быйыл дагы катышам деген оюм бар.

Классташтарың менен мамилең кандай?
– Абдан жакшы. Курбуларым көп. Себеби мен 1-класстан баштап ушул мектепте окуп келатам. Ошондон бери чогуу окуган досторум бар. Ынтымактуу класспыз.

Жалаң бешке окугандарды класста жаман көргөн учурлар көп болот. Классыңда сени жаман көргөндөр барбы?
-Менимче жок. Андай көрүнүштү көрө элекмин.

Ушул бойдон жалаң беш менен бүтөм деген максатың барбы?
-Албетте, аракеттенем. Жалаң беш менен бүтүү кыйын, бирок ушунча жыл бешке окуп, анан бүтөөрдө тайгаланган андан да кыйын го…

Маектешкен Элнура Кылычбек кызы,
№17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>