Мугалимдин кайсы убакта ачуусу келет?

                                                                                                              

Биздин экинчи ата-энебиздей болгон мугалимдерди  айрым окуучулар  кѳп учурларда капа кылып, ачуусуна тийишет. Чындыгында мугалимдик кесип абдан түйшүктүү, оор анан да татаал. Эжекелер биз үчүн канчалаган мээнетин, энергиясын, убактысын  жумшашат. Керек болсо ѳз балдарына да бизчелик убактысын кетиришпейт. Мугалим бирѳѳ болсо, ал эми биз-отуз, кырк болобуз. Дагы тынч отурбай, сабакты жѳн ѳткѳздүрбѳйбүз.   Кээ бир жаш мугалимдер окуучулардын мындай мамилесинен, тартипсиздигинен  тажап кетип калышат. Ал тургай  мугалим болуудан да качышат. Кайсы убакта мугалимдин окуучуларга кѳбүрѳѳк ачуусу келет?


Окуучулардын кѳбү сабакта тынч отурушпайт, алар үйрѳнгѳн  билим келечекте  мугалимдер үчүн керек болгонсуп, сабакка даярданып келишпейт. Ѳтүлгѳн сабакка кѳңүл да буруп койбогон окуучулар бар, кээ бир окуучулар соткаларын чукулашып отурушат. Ал эми эң жаманы мугалимдин сабагын бузуп, кечигип келишет. Ушундай окуучулардын жаман кылыктарынан соң кантип мугалимдин ачуусу келбесин? Бул кадимки эле кѳрүнүш, эми бул жагдай тууралуу мугалимдердин ѳздѳрүнүн пикирин уксак:

Биздин мектептеги кыргыз тил жана адабият мугалиими Таңнуру Асыранова бул маселе жѳнүндѳ тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду: Мен окуучуларга адабият сабагынан  ѳтѳм. Албетте, мугалимдердин бардыгы окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун  ѳѳрчүтүп, аларга терең билим берүүгѳ аракет кылабыз. Бирок кээ бир окуучулар сабакка кызыкпай, башка окуучуларды да алаксытышып, сүйлѳп, мугалимдин да кѳңүлүн алаксытып, сабакты бузуп, кечигип жүрүшѳт.  Кандай жагдай болбосун, мугалим сабакты кызыктуу ѳткѳнгѳ аракет кылат. «Баланы башынан»,-деген сѳз бар эмеспи элибизде. Үйдѳ балдарга ата-эненин тарбиясы абдан чоң роль ойнойт. Ѳтѳ эле кѳп сүйлѳгѳн окуучулар бар. Кээ бирлери мугалимдерди ачууландырганды  ѳнѳр кѳрүшѳт. Сабакка таптакыр эле даярданбаган окуучулар бар. Мени ѳкүндүргѳнү окуучулардын кѳбү адабий китеп окушпайт. Убагында, билим алуу мүмкүнчүлүгү барда билим  алуу зарылдыгын түшүнбѳгѳндѳрүнѳ  капа болом.

Ал эми  химия сабагы мугалими Дооронова Мукадас  буларга токтолду: Мен окуучулардын окубай койгонуна ачуум деле келбейт. Окуучулардын арасында  окуган да, окубаган да окуучу сѳзсүз болот. Окуса ѳздѳрү үчүн да.  Бирок теманы   түшүндүрүп жатканда айрымдары кѳңүл бурушпайт, кѳбүнчѳ ойноп отурушат, ѳздѳрү да алаксып, башка окуучуларды да алаксытышат. Кѳңүл коштук менен түшүндүңбү десе «түшүндүм»,- дейт, эртеси сурасаң эч нерсе билишпейт. Азыркы окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү начарлап бараткандай таасир калтырат. Окуучулардын билим алууга кѳңүл кош мамиле кылгандары менин ачуумду келтирет.

Элнура  Кылычбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>