Биз жашаган шаардын орчундуу кѳйгѳйлѳрү

 

Албетте, ар бир шаардын ѳзүнүн ѳзгѳчѳ орчундуу кѳйгѳйлѳрү болот. Болгондо да бир тараптуу эле кѳйгѳй эмес, андай жүрѳк кейиткен оор кѳйгѳйлѳрдүн кѳптүгү ар бир шаарда жашаган тургундарды ойлонтпой койбосо керек. Мен окуучу болгондуктан мени транспорт кѳйгѳйү кѳбүрѳѳк  тынчсыздандырат. Себеби ар бир окуучу мектепке сѳзсүз автобус, троллейбус же маршрутка менен барышат,  жѳѳ жүргѳн окуучуну чанда гана кездештиресиң. Окуучу мектепке  батыраак кечикпей барыш үчүн автобуска же маршруткага  түшүү керек. Бирок окуучуларга кѳп учурда эле  маршруткалар токтобой коет, токтосо да автобустар чоң класстын окуучуларына эле токтойт. Ал эми автобустар аялдамада сѳзсүз токтогондуктан ага чыгып алууга мүмкүнчүлүк кѳбүрѳѳк. Токтобой койгондугунун себеби, бул окуучулардын  жол акысын толук тѳлѳй албагандыгы.


Албетте, автобус,.же маршруткага чыккан бардык эле окуучунун жол акысын толук тѳлѳѳгѳ чѳнтѳк каражаты жол бербейт. Кээ бир окуучунун  ата-энеси азыраак акча бериши мүмкүн. Ал эми кээ бирѳѳнүкү кѳбүрѳѳк бериши мүмкүн. Ошол азыраак акча  алган окуучу аз каражатты да жетиштириш керек болот. Ушул маселени ойлоп биздин депутаттар  же бийликтин адамдары окуучуларга жардам болсун деп, окуучулар үчүн шаардык транспорттордо  жол акысын бир сом кылып буйрук чыгарса да, бул буйрук иш жүзүндѳ толук аткарылбай келет. Мындан биз дароо эле айдоочулар күнѳѳлүү деп жыйынтык чыгара коебуз. Бирок айдоочуларды да түшүнсѳ болот, алар да бизге окшогон окуучу уул-кыздарын багабыз деп иштеп жүрүшѳт да. Мындай дейин десең окуучуларга кыйын да, алар маршруткага чыгуу үчүн, чоңдор чыгып жатканда чыгып калууга аракет кылышат. Мына  ошондуктан машрут токтогондо сумкаларын кѳтѳрүшүп алып бир топ жүгүрүүгѳ туура келет. Кээде маршруткага түшкѳндѳ маршрут айдоочулары окуучуларды кагып-силкип, ѳз баласындай урушуп, орой мамиле жасаганын кѳп эле байкайбыз. Кээде окуучуларды кѳкүрѳккѳ түртүп түшүрүп салганынынын да күбѳсү болуп жүрѳбүз. Кээде окуучулар дагы топтолуп алышып, айдоочуну кѳзгѳ илбей, бир сомун да тѳлѳбѳй түшүп кетишет. Мындай учурда айдоочунун ачуусу келбей койбойт. Мына ошондуктан бул  пикир келишпестиктерге   ким күнѳѳлүү экени тууралуу  ѳз оюн айтуусу үчүн маршрут айдоочулары  жана мектеп окуучулары менен маек курдук:

Ю.Гагарин атындагы №17 мектеп-гимназиясынын 10 «А» классынын окуучусу  Исабек уулу Бекназар буларга токтолду:

-Албетте бул нерсеге бир тараптуу эле айдоочулар күнѳѳлүү деп айтуу кыйын. Менин оюмча  жергиликтүү бийлик маршрут айдоочуларына жетишээрлик маяна берүүсү керек. Ошондо акча маселесинде чыр-чатак чыкпайт. Окуучулардын бир сом тѳлѳгѳнүнѳ каршы эмесмин.

Ал эми №155 маршрутканын айдоочусу Жаңбаатыр Атчабаров мындай деди: Маршрутканын айдоочуларына да кыйын. Бизге жетиштүү жеңилдик берилбейт. Учурда окуучулар 1 сом тѳлѳгѳн менен, алар дем алыш күндѳрү, же ѳз иштери менен жүргѳндѳ да бир сом тѳлѳшѳт. Бул туура эмес. Биз мектептен алып келип, алып кеткенге  эле бир сом алуубуз керек. Ал эми жогорку класстын окуучулары менен студенттерди айырмалай албайбыз. Азыркы учурда мунай заттын баасы да бир калыпта турбайт. Аялдамалардын ар биринде токтой бергенде да бензин коройт. Мамлекет окуучулардын жол киресин 1 сом кылган менен бизге жетиштүү  шарт түзүлбѳйт. Ал эми окуучуларды маршруткалар түшүрбѳйт деген сѳздү далилдеш керек. Ошондо гана бул сѳздүн чындыгына ишенсе болот.

Окуучуларга бейжиктер

Ош шаарынын окуучулары  Ош шаардык мэриясынын  №239 –токтомуна  ылайык  окуу убагында транспортторго 1 сомдон тѳлѳшѳт. Окуудан тышкаркы убакта  жалпы тарифтин 50 пайызын тѳлѳѳ каралган. Башкача айтканда дем алыш убагында, каникул убагында окуучуларга ушундай  жеңилдиктер бар.

Эгерде  шаардагы маршруттук кичи автобустардын айдоочулары окуучуларды  салбай койсо  окуучулар ал айдоочунун үстүнѳн  даттанса болот. Мындай убакта  маршруттук кичи автобустун номерин, убакытты жана эгер мүмкүн болсо айдоочунун  аты-жѳнүн тактап алуу керек жана  айдоочу окуучуну түшүрбѳй койгондугун далилдеш керек. Же болбосо бул жагдайды тастыктаган күбѳ болуусу зарыл.

Жакында Ош шаарынын окуучулары   алардын окуучу экендигин тактыктаган бейжиктер  менен жүрүшѳт. Мына ошол күндѳн баштап айдоочулар менен окуучулардын ортосунда пикир келишпѳѳчүлүк болбойт,-дейт шаардагы жүргүнчүлѳрдү ташуу агенттигинин  жетекчиси Искендер Жороев.

                                                                   Элнура Кылычбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>