Жети кереметтин экинчиси- Семирамиданын асма багы.

                                                                                               

Дүйнөнүн  7  кереметинин  экинчиси болуп  Семирамиданын (Бабул) асма  багы  эсептелет. Байыркы  Чыгыштын  эң бай жана чоң  шаары  Вавилондо жайгашкан.  Биздин  заманга  чейин 600 жылдыкта  пайда  болгон Асма бактын  пайда  болуу  тарыхына  кайрылсак Вавилондун  ханы  Навуходоносор II  өзүнүн  эн  биринчи  душманы  болгон  жана 2  жолу Вавилондун борборун   басып  кирген Ассирияга  согуш ачуу үчүн Мидиянын ханы Киаксар  менен келишим  түзөт.  Ассирияны  колго  алгандан  кийин  Мидиянын  ханы менен  Навуходоносор II Ассирияны  тең  экиге  бөлүп  алышат.Мидия  менен Вавилондун аскердик  келишимин бекемдөө  үчүн Киаксар  өзүнүн  кызы Амитисти Навуходоносор IIге колуктулукка  берет. Тоолуу, абасы таза,  көк шибердүү  табияты кооз аймакта  өскөн Амитиске  чаң  баскан  жана  тынчы жок  Вавилон жакпайт, Аны  билген Навуходоносор II  Асма  бак  курдуруп  берет.


Асма  бак атайын Мидиядан  алып  келинген өсүмдүктөр менен кооздолот. Асма бак пирамиданын формасын  берип, Тѳрт ярустан жана платформадан турган. Аларды 23 метр бийиктиктеги колонна тиреп турган. . Ылдыйкы ярусу   туура  эмес  тик  бурчтуктун формсында богон. Асма  бактын чоң  жагы 42 метрди, ал  эми  кичине  жагы  34 метрди  түзгөн. Асма бакта 172 бөлмө болуп, бул курулуш  эки  жүз  жылдай  турган. Ар дайым жапжашыл болуп  турган  бул бакты жүздѳгѳн кулдар күн-түн дебей суу ташып сугарып турушкан. Бакта дүйнѳдѳ эң сейрек кездешүүчү бак-дарактар жана жыты аңкыган түркүн түстүү  гүлдѳр отургузулгандыктан  теңдешсиз кереметти жаратып тураар эле. Амитистин  өлүмүнөн кийин  кароосуз  калган бакты,  суу  ташкыны  бузат. Ага  чейин биздин  заманга  чейин IX кылымда Асма  бак Александр Македонскийдин резиденциясы  да  болгон. Маалыматтарга караганда Македонский акыркылардан  болуп  бул  жерде болгон.

Асма  бактын  биздин  заманга  чейинки  көрүнүшү ушундай  болгон:

Даярдаган Каныкей Бактыбекова

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>