Daily Archives Пятница марта 22nd, 2013

Нооруздун тарыхынан:

Кыргыз элинин жыл санагы боюнча жаңы жыл жалган куран (март) айынын 21ине, же болбосо Нооруз майрамына туш келет. Нооруз фарсы (Иран) тилинин  “жаңы күн” деген сѳзүнѳн которулган.  Нооруз майрамы  жыл санагы боюнча эсептелип, жазында күн менен түндүн теңелген күнүнѳ туура келет. Бул майрам бардык майрамдардын  эң коозу, эң көркөмдүүсү жана эң сулуусу катары эсептелип, байыркы Иран күн календарына ылайык фарфардын айынын биринчи күнүнө туура келген. Бул Григориан (биздин календарь) боюнча 21-22-23-мартка туш келет. Ноорузду мусулман майрамы дегендер жаңылышат. Себеби фарсы тилинде сүйлөгөн элдер Ноорузду Ислам дининен мурда эле майрамдап келишкен. Биздин эрадан мурунку 1000 жылда жазылган Авестада эне – кут деген аял түспөлүндөгү түшүмдүүлүктүн пири яхудилерден, еврейлерден күнөөлөрү үчүн кечирим суроону талап кылат.

Далее

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу окурмандарыбыз, эже-агайлар, окуучулар!

 Сиздерди  Нооруз майрамыңыздар, жаңырган жылыңыздар   менен куттуктайбыз.
Нооруз  жылдын жаңырышынын,  сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдаган  улуу майрам.

Жаңырган жыл  элибизге ынтымак, жергебизге кут, береке,  үй-бүлѳңүздѳргѳ бакты-таалай, бекем ден соолук  алып келсин.

Майрамыңыздар менен!

«Данек» гези...

Далее