Кыз бала эч нерсеге тендешкис гүл дешет акындарыбыз. Аларды айга, күнгѳ, гүлгѳ теңешет. Андыктан алардын мээримин, назиктигин, камкордугун, сулуулугун каалагандай мактасак да, ыр менен тѳгүп, укмуш кооз сѳздѳрдү арнасак да жарашат. Бирок болочоктогу эне, сүйүктүү жар боло турган айрым кыздарыбыздын кейиштүү кылык-жоруктарынан уялган учурларың да болот. Арийне беш кол тең эмес, арасында сѳз менен сүрѳттѳп айтып бералгыс сулуусу, акылдуусу, зиреги, сѳз жеткис жакшысы да бар, ошого улай эле ата-энесин укпай, улууларды сыйлабай, бешиктен бели чыга электе арак ичип, ооздорунан жаман сѳз чыгып, жада калса баңги заттарды колдонгондор да жок эмес. Бүгүнкү күндѳгү жаш кыздардын кызыккан нерселери мода, жигиттер, достор, интернет, ар кандай вечеринкалар (отуруштар) болуп жатканы маалым.
ДалееDaily Archives Воскресенье марта 17th, 2013
Ош шаарындагы №11 Терешкова атындагы жатак мектебинде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну ѳткѳрүлдү. Бул оюнга 6 окуучу катыша алды. Алардын ичинен 2 окуучу финалга калып ойношту. Алар Жумамамат кызы Айгерим жана Медербек уулу Уларбек. Финалда кѳптѳгѳн логикалык суроолор болду.
ДалееОш шаардык билим берүү башкармасынын кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарында олимпиаданын тѳртүнчү туру аяктап, анда биринчиликке чыккан 36 окуучу республикалык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Олимпиада 4 тур менен ѳтүп, 10 предмет боюнча акыркы аймактык турга 162 окуучу катышышты.
Далее
Комментарии