Акыркы коңгуроо күнү ресторанда банкет ѳткѳрүүгѳ тыюу салынды

Жакында окуу жылы аяктап, «Акыркы коңгуроо» кагылат. Быйылкы окуу жылынын аякташына байланыштуу жакында  Ош шаарындагы  54 мектептин директорлору жана ата-энелер комиттеттеринин ѳкүлдѳрү, укук коргоо органдарынын  ѳкүлдѳрү   катышкан жыйын болуп, ал жыйында  25-май, акыркы коңгуроону ѳткѳрүүнүн тартиби талкууланды . Быйылкы окуу жылында шаардын мектептерин 2 миңден ашык бүтүрүүчүлѳр аякташууда.

 Ош шаардык билим берүү  башкармасынын жетекчиси Гүлайым Машрапованын билдирүүсүнѳ караганда быйыл «Акыркы коңгуроодон»  кийин бүтүрүүчүлѳргѳ кафе, ресторандарга  отурууга руксат берилбейт  жана банкет  үчүн  ата-энелерден  акча чогултууга тыюу салынат. Бул боюнча Ош шаардык билим берүү  башкармалыгында буйрук чыгарылганын жана ал буйруктун аткарылышы ѳтѳ дыкат кѳзѳмѳлгѳ алына тургандыгын да белгиледи.

Машрапова ошондой эле ата-энелерди балдарына майрамдоо үчүн жана  автомашиналардын кортеджи үчүн  акча бербѳѳлѳрүн  да суранды. Буга чейин мындай учурларда трагедия болгондугуна токтолуп, бул күнү ар бир мектепти Ош шаарынын жана Ош облусунун ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгы да белгиленди.

                                          Диана Бекибаева,

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>