Daily Archives Четверг мая 23rd, 2013

Аалам ойчулу-Пифагор

Ош шаарында жарыяланган  1 айлык “МИФ” усулдук бирикмесинин декадасынын негизинде №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинде  математикалык жана физикалык бир катар коомдук маданий иш чаралар ѳткѳрүлдү Алардын  бири- философ, атактуу математик Пифагордун чыгармачылыгына арналган “Пифагор улуу ойчул жана математик” деп аталган  математика кечеси болуп ѳттү. Кечеге шаардагы башка  мектептерден келген бир топ мугалимдер мейман  болушту. Кеченин жүрүшүндѳ түрдүү оюн- зооктор кѳрсѳтүлүп, окуучулардын ой жүгүртүүсүн  баалоочу кызыктуу жарыштар орун алып, жеңүүчүлѳргѳ балуу сыйлыктар тапшырылды жана  да кече түрдүү ыр бийлер менен катар эле спектакл  менен коштолду.

Далее

Ѳспүрүм кыздарга косметика колдонууга болобу?

Кирпигинен тырмагынын учуна чейин боёнуп  алган 14-16 жашар  кызды кѳргѳндѳ аргасыздан кѳңүл бѳлүп,  анын жапжаш  жүзүндѳ боёктун  канчалык  жарашпай калганын байкайсың. Боенгон  жаш кыздын  бети  жасалма, ылайыксыз  кѳрүнѳт. Кыз ѳзүнүн татынакай наристе жүзүн,  жаштык  жагымдуулугун боёкко бастырып алганын байкабайт, ошондо «Жазга боёктун кереги не» деген макалды эстейсиң.

Далее

Китептер ай китептер!

Бүткүл дүйнѳлүк  изилдѳѳлѳрдүн маалыматы   боюнча  биздин ѳлкѳ китепти  эң  аз  окуган  ѳлкѳ  болуп  катталганы бизди күйүндүрбѳй койбосо керек. Окуучуларыбыз  билим берүү  тармагында да кѳп жылдардан  бери  бардык ѳлкѳлѳрдѳн  артта калып, билимибиздин  толук  болбой  жатканын  ачуу  болсо  да  мойнубузга  алуубуз  керек.  Сурамжылоо  боюнча  кѳпчүлүк ата-энелерден: «Балаңызга  китеп  алып  бересизби?» ,-деген суроо  узатышса; -Кийимине  зорго  жеткизип жатамын.-деген  жооптор  алынган. Албетте,  бул  жерде  ата – энелер  баарына  күнѳѳлүү эмес.

Далее

Балаңыз кайда билесизби?

    Ош  шаарында эле эмес, айылдарда деле  азыркы  учурда   кооптуу  иштерге  жаш  ѳспүрүмдѳрдүн аралашып атышкандыгы  кейитет. Мындай иштердин кѳпчүлүгү учурда  ата-энелеринин   соода- сатык  иштери  менен алыска  кетип,  балдарынын кароосуз калгандыгынан   келип  чыгууда.   Ата-эне балдарын ата-энесине же туугандарына ташташат, алар балдарга ѳз ата-энесиндей   кѳңүл бѳлѳ албай калат, же балдардын кѳңүлүнѳ  тийбесин деп катуу айталышпайт. Натыйжада  айрым балдарга  жакшы  кѳңүл  бурулбай, кѳзѳмѳлдүн жоктугунан  кээ бирлери  начар чѳйрѳгѳ аралашып, айрымдары уурулукка барып, баңгиликке берилип кетүү да ошондой учурда болууда. Туура, баласын  ата-эне  ишенчиликтүү   колдорго  тапшырып, жакшы окуп, жакшы тарбия алып ѳсүп жаткан балдар да бар...

Далее

«Дидар» бий тобунун алгылыктуу иштери

Ош шаарында ири бий топтору кѳп. Атап айтсак «Step by step» «Назик» «Шайыр» жана башка кѳптѳгѳн бий топтору бар. Алардын баары талантуу балдар, кыздар экендигине  күбѳ болуп келүүдѳбүз. Мээрим  балдар  билим   борборунда  кѳптѳгѳн  ийримдер  бар. Куурчак  театры, тай-цзи, комуз, сүрѳт, кол ѳнѳрчүлүк, бий  жана  башка ийримдердер  иштейт.  «Дидар» бий  тобу  2008-жылы Мээрим  балдар  билим  борборунда  түзүлгѳн.  Топтун  жетекчиси  Исакова  Жаңылай. Бий  тобуна  ар  кайсы  мектептен  бийге  шыктуу, ар  кайсы  жаштагы  кыздар  катыша  алат. Ю.А.Гагарин атындагы мектебинен  Мухтардин  кызы  Айгерим  катышып, ѳз  ѳнѳрүн  кѳрсѳтүп келет.

Далее

Стипендия дагы жакшы окуганга ѳбѳлгѳ

Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы мектебинин мыкты окуган  окуучуларына  стипендия берилип, кубанычтары койнуна батпай турушкан кездери. Бул демилгени ѳздѳрү чет ѳлкѳдѳ иштеп жүрүшкѳн ишкер байкелер каржылоодо. Бул жаңылыкты уккан кѳптѳгѳн  окуучулар сабактардан мыкты окууга колдорунан келишинче аракет кылышууда. Байкелердин айтымында бул окуучулардын алдыга умтулуусуна демилге түзѳт.

Бекназар Ысабек уулу  №17-Ю.А...

Далее

Мектеп жана балдар бакчасы

Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы мектеп гимназиясында жылдын башынан   эле мектеп менен биргеликте балдар бакчасы иштеп жатат. №17-Ю.А.Гагарин мектебинин мугалимдеринин айтымына караганда окуучулар балдар бакчасын аяктаган соң мектеп комплексине 1-класска которулуп, ѳз билимдерин улантышат. Мектеп мугалимдеринин айтымында “Бул балдардын билиминин бир калыпта ѳсүүсүнѳ ѳбѳлгѳ түзѳт”- дешет алар. Балдар бакчасында орус тилиндеги класстык бѳлүмдѳр да ачылган...

Далее