Daily Archives Вторник мая 21st, 2013

Акыркы коңгуроо күнү ресторанда банкет ѳткѳрүүгѳ тыюу салынды

Жакында окуу жылы аяктап, «Акыркы коңгуроо» кагылат. Быйылкы окуу жылынын аякташына байланыштуу жакында  Ош шаарындагы  54 мектептин директорлору жана ата-энелер комиттеттеринин ѳкүлдѳрү, укук коргоо органдарынын  ѳкүлдѳрү   катышкан жыйын болуп, ал жыйында  25-май, акыркы коңгуроону ѳткѳрүүнүн тартиби талкууланды . Быйылкы окуу жылында шаардын мектептерин 2 миңден ашык бүтүрүүчүлѳр аякташууда.

 

Далее

Журналисттер аллеясында ишембилик

Басма сѳз эркиндигинин Эл аралык күнүнѳ карата  5-май күнү  Оштун журналисттери  Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын жанындагы  Журналисттер аллеясында  ишембилик ѳткѳрүштү.  Ишембиликте аллея шыпырылып, тазаланып, эки жаңы отургуч коюлуп, былтыркы отургучтар да  сырдалды. Белгилеп кетүүчү жагдай,  бул аллеяга ѳткѳн жылы  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин демилгеси,  Сѳз эркиндигин коргоо  боюнча Эл аралык ассоциациасынын (IFEX)  колдоосу менен 100гѳ жакын арча отургузулуп, эки отургуч коюлган. Бул күнү ѳткѳрүлгѳн ишембиликке  мектеп окуучуларынын «Данек» гезитинин журналисттери  да катышышты...

Далее