Балаңыз кайда билесизби?

    Ош  шаарында эле эмес, айылдарда деле  азыркы  учурда   кооптуу  иштерге  жаш  ѳспүрүмдѳрдүн аралашып атышкандыгы  кейитет. Мындай иштердин кѳпчүлүгү учурда  ата-энелеринин   соода- сатык  иштери  менен алыска  кетип,  балдарынын кароосуз калгандыгынан   келип  чыгууда.   Ата-эне балдарын ата-энесине же туугандарына ташташат, алар балдарга ѳз ата-энесиндей   кѳңүл бѳлѳ албай калат, же балдардын кѳңүлүнѳ  тийбесин деп катуу айталышпайт. Натыйжада  айрым балдарга  жакшы  кѳңүл  бурулбай, кѳзѳмѳлдүн жоктугунан  кээ бирлери  начар чѳйрѳгѳ аралашып, айрымдары уурулукка барып, баңгиликке берилип кетүү да ошондой учурда болууда. Туура, баласын  ата-эне  ишенчиликтүү   колдорго  тапшырып, жакшы окуп, жакшы тарбия алып ѳсүп жаткан балдар да бар.  Балдар кѳпчүлүк учурда зеригип, акыл-насаат айта турган  адам  болбогондуктан  жеңил  ойлуулукка  барышат. Айрым балдар кѳчѳгѳ чыгып кеткен учурлар бар.  Ошондуктан  бардык  ата  энелерди  бул  иш  менен убагында, кеч болуп кала элегинде  күрѳшүүгѳ   чакырар  элем!

Бекназар Ысабек  уулу

№17-Ю.А.Гагарин  атындагы гинмназия  мектеп  комплексинин       10-А классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>