Китептер ай китептер!

Бүткүл дүйнѳлүк  изилдѳѳлѳрдүн маалыматы   боюнча  биздин ѳлкѳ китепти  эң  аз  окуган  ѳлкѳ  болуп  катталганы бизди күйүндүрбѳй койбосо керек. Окуучуларыбыз  билим берүү  тармагында да кѳп жылдардан  бери  бардык ѳлкѳлѳрдѳн  артта калып, билимибиздин  толук  болбой  жатканын  ачуу  болсо  да  мойнубузга  алуубуз  керек.  Сурамжылоо  боюнча  кѳпчүлүк ата-энелерден: «Балаңызга  китеп  алып  бересизби?» ,-деген суроо  узатышса; -Кийимине  зорго  жеткизип жатамын.-деген  жооптор  алынган. Албетте,  бул  жерде  ата – энелер  баарына  күнѳѳлүү эмес.

Окуучу  да  ѳз  алдынча  изденүүсү  турган  иш. Негизинен  биздин  окуучулар  предметтик  китептерди  эле  окубаса  кийинки   мезгилдерде  китепканага  баруунун  азайганын ѳзүбүз  барып  байкасак  болот. Ата-энеден  да  бир  аз  түрткү болушу  керек. Бирок  китепти  сатып  ала албайбыз  деп  шылтоолоого  болбойт. Себеби  китепканачылар китепти  утурумдук  алып  окууга  болоорун  айтышат. Ошондуктан  мен  бардык  жаштарды  китеп  окууга  жана  руханий   байлыгыбызды кеңейтип,  ѳлкѳбүздү  ѳнүктүрүүгѳ  чакыраар элем!

Бекназар Ысабек  уулу

№17 Ю.А.Гагарин атындагы мектеп гимназия  комплексинин

10-А классынын окуучусу

.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>