Американын символу кайда жайгашкан?

АКШда гана эмес дүйнѳ жүзүндѳгү  эң кѳрүнүктүү  скульптураны  Эркиндик статуясын- Нью-Йоркто жана АКШда АКШнын символу,   Эркиндиктин жана демократиянын символу деп аташат. Эркиндик статуясынын толук аталышы «Тынчтыкка жарык  чачуучу Эркиндик»   Нью-Йорк гаванындагы  Бедлоу  аралынан орун алган. Бул арал кийин Эркиндик аралы деп аталган. Бул статуя 1876-жылы АКШнын  кѳз карандысыздыгына  карата кабыл алынган Декларациянын   жүз жылдык мааракесине  карата Француз атуулдарынан белек катары  жасалган. Америка статуянын пьедесталын куруш керек болчу, ал эми Франция статуяны түзүп, коюп бериш керек болчу.

Бул миссия Француз скульптору Фредерик Огюст Бартольдиге жана инженер Гюстав Эйфелге тапшырылган. Францияда да, Америкада да ар түрдүү театралдык кѳрсѳтүүлѳр, кѳркѳм кѳрсѳтмѳлѳр, аукциондор  ѳткѳрүлүп, лотереялар ойнотулуп, түшкѳн каражаттар ушул заманбап архитектуралык  шедеврди тургузууга жумшалган. Франциядан статуяны Америкага жеткирүү үчүн 350 бѳлүккѳ бѳлүп, 214 жашикке  салышкан. Эркиндик статуясынын салтанаттуу ачылышы 1886-жылы 28-октябрда, мааракеден 10 жыл кечигип бир нече миңдеген кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу менен ачылган.

Эркиндик кудайы, аял оң колуна факел, а сол колунда «JULY IV MDC CLXVI» («4 июля 1977»-кѳз карандысыздыктын Декларациясына кол коюлган күн) деген табличканы кармап турат  356 тепкич  Нью-Йорк гаванына карай  ачылган статуянын тажысына алпарат. Коронада жети деңиздин, жети континенттин символу түшүрүлгѳн  кымбат баалуу таштар менен жасалгаланып,  асмандагы нурлардын элесин берип турган  25 терезе жасалган. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнѳ чейин 93 метр, статуянын ѳзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгѳн. Ачылган күндѳн баштап бир канча жылга чейин статуя  маяк катары пайдаланылган

                                                        Диана Бекибаева,

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>