Хэллоуин майрамы болуп өттү

Хэл

                                           Хэллоуин 2 сурот

28-октябрда Ош шаарындагы  Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп- комплекс- гимназиясында Хэллоуин    майрамы болуп өттү. Бул майрам негизинен Америкада майрамдалат. Бул күнү адамдар жез кемпирдин же каракчынын же болбосо кандайдыр бир каардуу каармандын кийимин кийип алып бири-бирин коркутушат. Алар баалуу буюмдарды сурашат ошол кезде ар бир адам жанынан бир несе чыгарып бериш керек. Ашкабактын да ичин тазалап алып ага көз мурун ооз жасап ичине шамды күйгүзүп коюшат. Майрамдын жөрөлгөсү мына  ушундай. Ю.А.Гагарин мектебинин 11- “а”11-“б” класстарынын жана башка класстардын окуучулары да мына ушундай көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Бул конкурс чет тил мугалимдеринин жардамы менен болду. Окуучулардын бири жезкемпир болсо бир каракчы болушуп, а калгандары англис тилинде ырдап, көрүүчүлөрдү кубантышты. Каармандар окуучуларды коркутканда алар ага конфет же акча беришти. Майрамдын адында айнектер караңгылатылган эле, ошондуктан ашкабактын ичиндеги шамдарды жандырганда аябай таңкалыштуу көрүнүш жаралды. Конкурста ар бир класстын газеталары илинип, аларга орундар берилип, Ардак грамоталар тапшырылды. Мына ушинтип майрам көңүлдүү аяктады.

Бекназар Ысабек уулу,

                                      №17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп гиназия компексинин 11-а классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>