Электр энергиясын үнөмдөө боюнча Эл аралык конференция

№52 мектептин президенти, 10-А класстын мыкты окуучусу Кыялбек Исламов

№52 мектептин президенти, 10-А класстын мыкты окуучусу

 

 

 

Таймаш катуу болду

Таймаш катуу болду

таймашта сыналгандар

таймашта сыналгандар

калыстар тобу катуу сынашты

калыстар тобу катуу сынашты

конференциянын катышуучулары менен

конференциянын катышуучулары менен

кубанычтары  коюндарына батпай

кубанычтары коюндарына батпай

Сыйлыкка келген китептер

Сыйлыкка келген китептер
Балдар тарткан сүрөттөр

Балдар тарткан сүрөттөр

 Сүрөт сүйлөйт

Сүрөт сүйлөйт

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы талантуу балдар мектебинде 12-ноябрь күнү  электр энергиясын үнөмдөөчү курулуштар боюнча эл аралык конференция болуп өттү.  Конференцияга  ушул мектептин курулушуна тиешеси бар  ПРООН, ТИКА уюмдарынан, Ош облустук администрациясынан жана Ош шаардык мэриясынан,  курулуш уюмдарынан  өкүлдөр катышышты. Конференцияда электр энергиясын жана жылуулукту үнөмдөө маселелери талкууланды. Электр энергиясын жана жылуулукту үнөмдөөчү   эксперименталдык мектебинин  жакшы жактары жана көйөйлөрү  боюнча ой-пикирлер айтылды.  Жыйындын акырында  электр энергиясын жана жылуулукту үнөмдөө боюнча  мектеп окуучулары арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.  Аталган мектептин социалдык педагогу Абылкасымова Шаангүлдүн билдиргенине караганда  электр энергиясын жана жылуулукту үнөмдөө боюнча  мектеп окуучуларынын арасында сынак уюштурулуп, балдар эсселерди жазышып, тарткан сүрөттөрүн сынакка коюшкан. Бир күн мурда  электр энергиясын үнөмдөө боюнча  Тамашоуда 4 команда таймашып, үч команда финалга чыгышкан. Таймашта жеңүүчү командаларга жана сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ПРООН тарабынан уюштурулуп, мектепке музыкалык аппарат белек кылынды.  Мектепте башта музыкалык аппарат болбогондуктан мектеп жамааты, өзгөчө мектеп окуучулары абдан кубанышты. Жеңүүчүлөргө ошондой эле видеокамералар, фотоаппараттар, көркөм адабий китептер тартууланды.

                                                         Бермет Ашырбекова,

                   №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин

                   10-А классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>