Category Маек

«Мугалимдик-сыймыктуу кесип…»

IMG_3765

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин кыргыз тил, адабият мугалими, жаш адис Гулбарчын Раимжан кызы эжеке менен маектештик. Гулбарчын эже Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тил филология факультетинде  5-курста окуйт. Азыркы мезгилде 7-8-11-класстарга кыргыз тили, адабиятынан сабак өтөт. Өзүм Ноокат районунун Шаңкол айылындагы Дары Суу орто мектебин бүтүргөм. Кичинекей кезимден эле мугалим болгум келчү. Ойногондо курбуларыма сабак өтүп ойночумун,-дейт ал...

Далее

Москваны багындырууну каалаган Жоомарт

IMG_3702

IMG_3701Москвада  элчиликте  Жоомарт Исмаилбеков менен тааныштым.  Жоомарт  жаңыдан түзүлгөн  заманбап  бий тобунун мүчөсү  экен. Кыргыз элчилигинде өткөн  ар кыл иш чараларда келип бийлеп беришет. Азыркы мезгилде Жоомарт Москва шаарындагы

№68О нинчи мектепте  9-класста окуйт. Жолугушууда Жоомарт  ата-энеси 7 жылдан бери Москвада иштеп, жашаша турганына, өзүнүн Москвага келгенине 5 жыл болуп калганына токтолду. Кыргызстанга, айылга жайкы каникулда  барып туруп келээрин айтып берип, көп суроолорубузга жооп берди...

Далее

Москва шаарында жашап, окуп, кыргызча орто сүйлөгөн Аида

Аида Тойчиева

Москва шаарындагы мектептердин биринде  2-класста окуган Аида Тойчиева менен болгон маегибиз кызыктуу уланды. Аиданын ата-энесинин  Москва шаарына келип иштеп калгандарына  30 жылга чукулдап калыптыр. Атасы да, энеси да Россиянын жарандары. Россиядагы  бутуна туруп калган кыргыздардан. Өздөрүнүн  жеке ишканалары, кафелери да бар. Балдарынын  келечекте мыкты инсандардан болсо деген ниеттери бар. Андыктан алардын терең билим алышына кам көрүп жүргөн учурлары...

Далее

Шайназарова Кызжибек: «Бүтөөрдө тайгаланган баарынан кыйын го…»

Мен маекке тарткан кыз Шайназарова Кызжибек «Олимп» мектеп-гимназиясынын 11-классында окуйт.

– Кызжибек, кайсы класстан  бери жалаң 5ке окуйсуң?
– 1-класстан баштап жалаң 5ке окудум. Кийин көнүп калдым. Азыр өзүмдү башкача элестете албайм.

– Сага кайсы сабактар жагат?
– Бардык сабактарды терең окуганга аракет кылам. Айрымдар айтат эмеспи, мен врач болгум келет, мага адабияттын, тарыхтын эмне кереги бар дешет, же тетирисинче мен тилчи болгум келсе, алгебра, физиканын эмне кереги бар дешет. Мен мындай пикирлерге кошула албайм. Менин оюмча адам ар тараптуу өнүгүш керек да. Туура, баарын билүүгө мүмкүн эмес, бирок мүмкүн болушунча көптү билүүгө аракет жасаш керек. Мен орус тили жана адабиятынан олимпиадага катышкам, андыктан мен ушул сабактардан күчтүү окуйм десем болот. Бирок мага англис тили, тарых, география, гуманитардык сабактар да жагат. Ал сабактардан да жакшы окуйм.

Далее

Биздин каарман биздин арабызда

Маектешим Элита Бакирова Ош шаарындагы «Олимп» гимназия мектебинде 11 «β»  классында окуйт. Ѳткѳн 2011-2012-окуу жылында республикалык олимпиадага катышып, республика боюнча I орунга татыктуу болгон.

-Элита, олимпиадага кантип катышып калдың?

-Мен англис тилине абдан кызыгам. Ошондон болсо керек, англис тилинен жакшы окуйм. Былтыр 2011-2012-окуу жылында биздин мектептен англис тили боюнча олимпиадага катышып, аймактык  турга ѳттүм. Анан шаардык олимпиададан да жеңип, жыйынтыктоочу турга «Сема» лицейинен, Ломоносо атындагы мектебинен, анан «Олимптен» мен катыштык. Мен утуп, республикалык олимпиадага катыштым. 10 окуучу катышкан республикалык таймашта биринчи орунга жетиштим.

Далее