Биздин каарман биздин арабызда

Маектешим Элита Бакирова Ош шаарындагы «Олимп» гимназия мектебинде 11 «β»  классында окуйт. Ѳткѳн 2011-2012-окуу жылында республикалык олимпиадага катышып, республика боюнча I орунга татыктуу болгон.

-Элита, олимпиадага кантип катышып калдың?

-Мен англис тилине абдан кызыгам. Ошондон болсо керек, англис тилинен жакшы окуйм. Былтыр 2011-2012-окуу жылында биздин мектептен англис тили боюнча олимпиадага катышып, аймактык  турга ѳттүм. Анан шаардык олимпиададан да жеңип, жыйынтыктоочу турга «Сема» лицейинен, Ломоносо атындагы мектебинен, анан «Олимптен» мен катыштык. Мен утуп, республикалык олимпиадага катыштым. 10 окуучу катышкан республикалык таймашта биринчи орунга жетиштим.

-Сүйүндүңбү?

-Албетте, республика боюнча биринчи болуп жатсаң кантип сүйүнбѳйсүң?

-Утам деп ойлодуң беле?

-Жок, ичимден утушка жетишсем экен, уят болбой деп ойлогом. Бирок республика боюнча биринчиликти багындырам деп ойлогон эмесмин.

-Англис тилинен   кошумча  да даярданасыңбы?

-Биринчиден биздин мектепте Битькова Надежда Николаевна, Ибатуллина Эльвира Рафиковна  деген англис тили боюнча күчтүү эжекелер сабак беришет. Ошолорго абдан ыраазымын. Анан кошумча сабактарга, ийримдерге катышам. Сорос фондуна барып даярданам. Айтор англис тилин терең үйрѳнүүнүн аракетиндемин.

-Олимпиададан жеңүү сага шык берди деп ойлойсуңбу?

-Ананчы, биринчиден уят болбой жеңип келгениме абдан кубанып, сыймыктандым. Экинчиден билим берүү министри жеңүүчүлѳргѳ дипломдорду, китептерди тапшырды. Шаардын намысын коргоп келгендиггибиз үчүн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов  ыраазылык билдирип, I орунга татыктуу болгондорго 4000, II орун алгандарга 3000, III орунду камсыз кылгандарга 2000 сомдон тапшырды.

-Ошол 4000 сомду эмнеге иштеттиң?

-Мен ѳзүмдү ар тараптан ѳнүктүргүм келет. Ушул максатта 4000 сомго гитара сатып алып, гитара черткенди үйрѳнүп жүрѳм.

-Сенин ийгилигиңди бѳлүшкѳндѳр, кѳралбагандар  болдубу?

-Кѳралбагандар да, кубанчымды бѳлүшкѳндѳр да болду. Азыр эми экинчи жолу, быйыл республикалык  олимпиадада жеңүүнүн аракетин кѳрүп, даярдануудамын.

-«Олимпте» канчанчы класстан окуп келатасың? Ага чейин кайсы мектептерде окудуң эле?

-«Олимпке» 6-класстан баштап келдим. Ага чейин 1 жыл Ломоносов атындагы мектепте, 1-4 класстары Макаренко мектебинде окугам.

-Ата-энең сенин келечекте кайсыл кесипти тандашыңды каалашат?

-Ата-энем экѳѳ тең менин оюм менен эсептешкен  интеллигент адамдар. «Биз сенин каалооңду сыйлайбыз, сени менен сыймыктанабыз» дешет. Мен чет тилин мыкты ѳздѳштүрүп, тынчтыкты  куруу  элчилигинде иштегим келет.

Каныкей БАКТЫБЕКОВА,
№38 Барпы атындагы орто мектептин
10-классынын   окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>