Category Маселе бар

Суунун баркына жетели

Дүйнѳдѳ биз аларсыз жашай албай турган маанилүү нерселер кѳп. Алардын катарына суу, аба, от жана башкалар кирет. «Суу алтындан да кымбат» деп биздин чоң эне, чоң аталарыбыз бекеринен  айтпаса керек.  Сууну бекер ысырап кылба, сууну  этиятта, агын сууга таштанды ыргытпа деп калышат ата-энелерибиз. Бирок суунун кадырына кѳп учурда жетпейбиз. Менин досум да ушуну кѳп айтат, анткени ал суунун кадырын билет.

Далее

Ош шаарын ѳнүктүрүүнүн бир тармагы-туризм

Сулайман Тоо

Ош шаарын ѳнүктүрүүнүн бир жолу туризмди ѳнүктүрүү деп ойлойм. Анткени шаарыбыздын чок ортосунда «Экинчи мэкке» аталган Сулайман тоосу жайгашкан, тоонун ѳзүндѳ эле туристтер кызыга турган канчалаган  тарыхый археологиялык эстеликтер, музейлер, үңкүрлѳр бар. Кийинки мезгилдерде шаардын кире беришине дарбаза курулду. Чыгыш дарбазадагы «Кыргыз кѳчү» деп аталган  монументалдык композиция шаардын кире беришине ушунчалык кооздук берип турат. Ѳзгѳчѳ түнү шаарга кирип келаткан болсоң жаркыраган жарыкка ѳзүңчѳ кубанасың. Аэропорт тараптан келаткан жолдогу Манастын эстелиги, Араван, Ноокат жолундагы Барс-Бек-Кагандын эстелиги, Сулайман тоосунун этегиндеги түстүү оргума, Ош районундагы оргума, эс алуу бактары, жаңы түшүп жаткан жолдор, айтор шаарыбыз кѳз тайгылткан кооз шаарга айланууда.

Далее

Жетекчинин орун басары окуучунун суроосуна жооп бералбай…

Ош шаарындагы балдардын «Келечек» чыгармачылык  борборунда балдар үчүн кѳптѳгѳн ийримдер иштейт. Ыр, бий, куурчак театры, комуз, кыздардын  чеберчилиги, балдардын устачылыгы, сүрѳт, айтор бул жерде чыгармачылыкты ѳнүктүрүүгѳ толук мүмкүнчүлүк бар. Ушул чыгармачылык борбордун ийримдериндеги  иштерди ѳз кѳзүбүз менен кѳрүп, сүрѳткѳ тартып, гезитибизге чагылдыралы деген ниетте кабарчыбызды- окуучуну жѳнѳтсѳк аталган мекеменин директору отпускада болуп чыкты. Ал эми ѳзүн завучмун, же директордун орун басарымын  деп тааныштырган Аида аттуу(ѳзүнүн айтымы боюнча)  кызматкердин борбордун иши тууралуу  сурообузга жооп бербегендигинен сүрѳттѳрдү  гана жарыялоого туура келди...

Далее

Ак сүтүн берген энекем

Эне-бул дүйнѳдѳгү теңдешсиз, эч кимге алмаштыргыс адам. Үч гана тамгадан турган «апа» деген сѳз биздин жашообуздун маңыз, мазмуну. Бул жашоодо энесиз адам жок. А түгүл жаныбарлар да энелерин теңдешсиз сүйүшѳт. Бизди тогуз ай кѳтѳрүп, анан  тѳрѳлгѳндѳ уйкудан калып, талыкпай, чарчап, чаалыкпай  эрезеге жеткирген биздин апаларыбыз. Кенедейибизден кѳзүбүздүн агы менен тең айланып, жыгылсак ордубуздан тургузуп, үшүсѳк жылытып, кайгы, кубанчыбызды тең бѳлүшкѳн энелерибиздин эмгеги баа жеткис. Апаңдын маңдайында эркелеп отуруп тамак ичкенден артык бакыт барбы?

Далее

Ата-энеси чет жерде жүргөн курбумдун жашоосу

Кайсы ата-эне болбосун ѳзүнүн балдарына мээримин тѳгүп,  тарбия берет эмеспи. Бирок азыркы мезгилде тиричиликтин айынан канчалаган ата-энелер балдарын багуу үчүн чет жакага иштегени кетишүүдѳ. Балдарын болсо жакын адамдарына  таштап кетишкен үй бүлѳлѳрдү акыркы мезгилде  кѳп кездештирип калдык. Ата-эненин мээримине муктаж болуп,  жакшы тарбия албай кээ бир балдар жаман жолго түшүп кетишет,  а кээси тескерисинче  ата-энем мени багам  деп кыйналып чет ѳлкѳдѳ иштеп жүрѳт деп   жакшы  жолго умтулушат, үлгүлүү жүрүп, жакшы окуганга аракеттенишет. Ошондой окуучулардын бири-менин эң сүйүктүү курбум Нуржан, ал экѳѳбүз Ю.Гагарин  атындагы мектептин 8»А»-классында бирге окуйбуз.

Далее

«Форум театр» тренингинин катышуучулары Жалалабат облусу менен таймаш өткөрүшөт

 

Ѳткѳн  кышкы  каникулда   «Форум  театр»  тренингинин катышуучулары  атайын  кастингден ѳз  таланттарын  кѳрсѳтүшүп, каникул  ичи  Мамакеев санаториясында 14 күндүк тренингде болушкан. «Форум  театр» Кыргызстанда 3 жылдык   долбоор болуп, буга  чейин Чүй жана Баткен облустарында жүргүзүлгѳн.  Тренингге  Ош менен  бирге Жалалабат  облусу   алынган. Эки  облустан  тең 7 мектептен экиден таланттуу  мугалим  жана окуучулары  тандалган. Долбоор ЮНИСЕФ уюму  тарабынан уюштурулган. Дал ушул   долбоор  тууралуу  кененирээк  маалымат  алуу  үчүн «Форум  театр» тренингинин  катышуучусу, №38-мектеп гимназиясынын мугалими Алдыракова Гулбара  эжеке менен  маектештик:

  

Далее

Биз жашаган шаардын орчундуу кѳйгѳйлѳрү

 

Албетте, ар бир шаардын ѳзүнүн ѳзгѳчѳ орчундуу кѳйгѳйлѳрү болот. Болгондо да бир тараптуу эле кѳйгѳй эмес, андай жүрѳк кейиткен оор кѳйгѳйлѳрдүн кѳптүгү ар бир шаарда жашаган тургундарды ойлонтпой койбосо керек. Мен окуучу болгондуктан мени транспорт кѳйгѳйү кѳбүрѳѳк  тынчсыздандырат. Себеби ар бир окуучу мектепке сѳзсүз автобус, троллейбус же маршрутка менен барышат,  жѳѳ жүргѳн окуучуну чанда гана кездештиресиң. Окуучу мектепке  батыраак кечикпей барыш үчүн автобуска же маршруткага  түшүү керек. Бирок окуучуларга кѳп учурда эле  маршруткалар токтобой коет, токтосо да автобустар чоң класстын окуучуларына эле токтойт. Ал эми автобустар аялдамада сѳзсүз токтогондуктан ага чыгып алууга мүмкүнчүлүк кѳбүрѳѳк. Токтобой койгондугунун себеби, бул окуучулардын  жол акысын толук тѳлѳй албагандыгы.

Далее

Мугалимдин кайсы убакта ачуусу келет?

                                                                                                              

Биздин экинчи ата-энебиздей болгон мугалимдерди  айрым окуучулар  кѳп учурларда капа кылып, ачуусуна тийишет. Чындыгында мугалимдик кесип абдан түйшүктүү, оор анан да татаал. Эжекелер биз үчүн канчалаган мээнетин, энергиясын, убактысын  жумшашат. Керек болсо ѳз балдарына да бизчелик убактысын кетиришпейт. Мугалим бирѳѳ болсо, ал эми биз-отуз, кырк болобуз. Дагы тынч отурбай, сабакты жѳн ѳткѳздүрбѳйбүз.   Кээ бир жаш мугалимдер окуучулардын мындай мамилесинен, тартипсиздигинен  тажап кетип калышат. Ал тургай  мугалим болуудан да качышат. Кайсы убакта мугалимдин окуучуларга кѳбүрѳѳк ачуусу келет?

Далее

Жаркын келечекке тамекисиз барбайлыбы!

Азыркы учурда кѳчѳдѳ, ар бир тѳртүнчү мырзанын же айымдын тамеки чегип жатканын кѳрѳбүз. Кийинки мезгилдерде бул нерсе коомчулук үчүн жат кѳрүнбѳй калды. Кимиси болбосун тамекинин буусун үйлѳп, ырахаттанып чегип турганын кѳрѳсүң. Аны кѳргѳн жаш балдар кызыккыдай  үйлѳшѳт. Ишканаларда, коомдук жайларда да чегишет. Жада калса мектепте жашырынып чеккен окуучулар жок деп айта албайбыз. Кѳп учурда жашпыз, эч нерсе болбойт, эркек болгондон кийин чегет да деп тамекини жан шерик кылгандар кѳбѳйүүдѳ. Бирок тамекинин терс таасири, зыяндуулугу спирттик ичимдиктерден, баңгиликтен, насвайдан калышпайт. Тамеки чеккендердин катарында рак оорусуна чалдыккандар, ал тургай  ѳпкѳсү начарлап, түрдүү ѳпкѳ ооруларына тушуккандар андан да кѳп.

Далее

Биринчи жолу алгандарга бекер паспорт

Биринчи  жолу  паспорт  алып  жаткан  100 миң кыргызстандыкка ушул жылдан тарта  ID-карталар  бекер  берилиши күтүлүүдө.  Бул тууралуу  КРнын  вице-премьер  минис­три Тайырбек  Сарпашев 16  жашка  чыккан  жана  жаңыдан  паспорт  алып жаткан 20  өспүрүмгө   паспорт  тапшыруу  аземинде билдирди.

Анын  айтымында,  биринчи паспорт алуу укугуна жыл  сайын  114 000дей жаран  ээ  болот. Ал эми жаңы башталып жаткан  2013-жылдагы бул  долбоор быйыл сынамык  долбоор катары ишке киргизилген: «Азырынча  бул сынамык долбоор   болуп  эсептелинет,  бирок, эгерде анын жүрүшү  талаптагыдай  ишке  ашса, анда мындан  ары  16  жаштагы жарандарыбызды бекер паспорт менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот», – деди  Т.Сарпашев.

Далее

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн камкордук

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Алтын мезгил» коомдук фондунун демилгеси менен «Наристе» балдар борбору ачылды. Балдар борборунун жетекчиси Зебиниссо Эргешованын билдирүүсүнө караганда бул борбордо азыркы мезгилде 25 бала тарбияланууда. Балдар бул жерге күндүз келишип, кечке чейин  борбордо болушат. Түштүктө кулагы укпаган жана психикалык жактан жабыр тарткан балдарды бала бакчалар алышпайт, анан дагы аларды кароочу адистер аз. Бул багытта даярдыгы бар адистер аз болгондуктан, биз ата-энелер менен биргелешип ушул борборду ачканбыз,-дейт Зебиниссо Турсунбаевна.

Далее