«Форум театр» тренингинин катышуучулары Жалалабат облусу менен таймаш өткөрүшөт

 

Ѳткѳн  кышкы  каникулда   «Форум  театр»  тренингинин катышуучулары  атайын  кастингден ѳз  таланттарын  кѳрсѳтүшүп, каникул  ичи  Мамакеев санаториясында 14 күндүк тренингде болушкан. «Форум  театр» Кыргызстанда 3 жылдык   долбоор болуп, буга  чейин Чүй жана Баткен облустарында жүргүзүлгѳн.  Тренингге  Ош менен  бирге Жалалабат  облусу   алынган. Эки  облустан  тең 7 мектептен экиден таланттуу  мугалим  жана окуучулары  тандалган. Долбоор ЮНИСЕФ уюму  тарабынан уюштурулган. Дал ушул   долбоор  тууралуу  кененирээк  маалымат  алуу  үчүн «Форум  театр» тренингинин  катышуучусу, №38-мектеп гимназиясынын мугалими Алдыракова Гулбара  эжеке менен  маектештик:

  -«Форум  театры» жѳнүндѳ  айтып  бербейсизби?

–   «Форум театры» ЮНИСЕФ уюму  тарабынан  уюштурулду. Учурдан  пайдаланып аларга  чоң ыраачылыгымды билдирем. Тренингге  катышуу үчүн атайын кастингтен  талантыбызды кѳрсѳтүп ѳттүк. Ош шаарынан  эки  гана  мектепти  тандаган  экен, биринчиси №38 Барпы мектеби, экинчиси Он Адырдагы №47 Амир  Тимур ѳзбек  мектеби  болду. Биздин  мектептен  талантуу деп 8-класстан Олжобаева Медина жана Орозов Азиз катышышты. Бардык райондордон атайын бири ѳзбек мектеп,  экинчиси кыргыз  мектептер  алынды. Тренингди  атайын Британиядан келген доктор  Ананда  Брит ѳттү. Котормочулары которуп  берип  турушту. Тренинг  2  этапта  болду,  биринчиси 6 күндүк   болуп,  анда  мугалимдер  гана болду,  андан  кийинкиси 14 күндүк  болуп,  ал  кышкы  каникулга туура  келип,  анда  окуучулар болду. «Форум  театрдын»  максаты  замандын  кѳйгѳйлүү маселелерин  эл  алдына  театрлаштырып алып  чыгып,  ал  маселени  кѳрүүчү  менен чечүү. Театрдан  айырмасы бул 20-25 минуттук спектакль, анан да  аны 2  жолу  кѳрсѳтѳбүз, биричисинде маселени алып  чыкса, биринчиси  бүткѳндѳн кийин  биздин  тилде  айтканда  алып баруучу, ал  эми «Форум театр»  тилинде Джокер  чыгып маселени  айтат. Ал  эми  экинчи  кѳрүнүштѳ кѳрүүчүлѳр спектаклди каалаган  жеринде  токтотуп,  маселени  башкы ролду ойноп, чечип  берет.   Дагы бир  айырмасы спектаклди атайын сахнада  эмес,  коомдук  жайларда, кѳчѳлѳрдѳ коюп,  «Форум  театрды» жайылтуу.

– Жайылтуу иштери кандай жүрүүдѳ?

– Жайылтуу иштери мектептерде кадимки  кастинг  аркылуу  ѳтүп  жатат, калыстар тобунун мүчѳлѳрү  Ош шаарындагы «Жаштар борбору» болду. Башкача айтканда Ош шаарындагы тренингдин  катышуучулары «Жаштар борбору» менен иштешүүдѳбүз. Он Адырда  да  атайын  ЮНИСЕФ тарабынан «Жаштар борбору» ачылган,  ошолор  менен байланышып иш  алып  барышууда. Аларда даярдык  кызуу жана да  берген  билимдерин  биз  канчалык  деңгээлде  ѳздѳштүргѳнүбүздү  текшерүү  үчүн  Жалалабат  облусу  менен таймаш  ѳткѳрүп  жатат. 15-февралда Жалалабат облусунун командасы кѳрсѳтѳт. 20-февралда Ош командасы кѳрсѳтѳт.  Ал  эми  темасы «Рэкетчилик».

Каныкей Бактыбекова

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>