Ош шаарындагы мектептердин окуучуларына «Данек» гезитинен кандай материалдарды окугулары келе тургандыгы тууралуу сурамжылаганыбызда алар тѳмѳндѳгүдѳй ойлорун айтышты: (Сурамжылоого шаардагы №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин 7 –классынын окуучулары жооп беришти)
Темир Садыков: «Данек» гезитин биринчи санынан бери окуп келатабыз. Мектеп окуучулары үчүн кызыктуу макалалар кѳп. Ѳзгѳчѳ «Дүйңѳнүн жети керемети», Ош шаарынын кооз жайлары тууралуу макалалар биз үчүн кызыктуу. Мен «Кыргыз баатырлары» деген темадагы материалдарды да окугум келет».
Керим Дурсункулов: «Гезит бетине космонавттар, учкучтар жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк жазсаңыздар жакшы болмок».
Мухаметжан Ахумжанов: Шаардагы проблемаларды кѳбүрѳѳк жазсаңыздар, туура, транспорт, таштанды тууралуу макалаларды окудум. Бирок шаарда проблема абдан кѳп, ошолор тууралуу да окугубуз келет. Мисалы мектеп окуучуларынын тарбиясы, айрым окуучулар автобуста улууларга орун бербей тескери карап, уктамыш болуп отуруп алышат. Кээлери кѳчѳдѳ аксакал адамдарды шылдыңдап каткырып күлүшѳт, ушулардын баарын жазышыбыз керек.
Хамитжан Кожонов: «Биз окуучулар мектептердеги рэкетчилик, анын алдын алуу, аларды кантип жоюуга боло тургандыгы тууралуу окугубуз келет».
Айзирек Арстанбек кызы: «Мектеп окуучуларынын гезитине макал-лакаптарды, кроссворддорду берип турсаңыздар».
Чынара Мырзаева, Тимур Кожобаев: 7-класстын окуучулары: «Апама болгонмахабат» деген темадагы ырларды, аңгемелерди, макалаларды окугубуз келет»
Ильяз Козубай уулу: Сын материалдарды да жазсаңыздар. Менимче мектептердеги проблемаларды сындасаңыздар мектептердеги проблемалардын чечилишине ѳбѳлгѳ гана болосуздар.
Муханбет Кутукеев: «Мен бул гезиттен баш катырма, табышмак, апендинин жоруктарынан окугум келет».
Жанболот Искендер уулу: Гезитиңиздерге тоолор, айыл жѳнүндѳгү ырларды, макалаларды кѳбүрѳѳк жарыяласыңыздар.
Даярдаган Диана Султанова
Комментарии